Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Жээнбеков, Матраимов, Абылгазиевдер камалабы? Курсан Асановдун жообу
08.10.2020 | 17:25
Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов журналисттер менен жолугушууда «Чон Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнө жооп берди. Жапыкеев 7-октябрда Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголгонун билдирген.
Курсан Асанов жогоруда аты аталгандар боюнча конкреттүү жооп бербей турганын, бирок иш жүрүп жатканын айтты.
«Сыймык Жапыкеев бирдиктүү топ тузүүнү сунуштады. ИИМ да ар тармакта иш алып барууда. Башкы прокуратуранын ишине мен эмес, алар жооп берүүсү керек. Камалгандары тууралуу так маалымат айта албайм, менин орун басарларым бар”, деди Асанов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат