Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Бишкекте 5 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду
13.11.2022 | 11:28
Бишкекте 5 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Бермет Гранд», «Жетиген трейд» жана «ТС Финанс» ЖЧКларынын иши 12-ноябрдан 21-ноябрга чейин, ошондой эле «Красная Звезда Кей Джи» ЖЧКсыныкы 16-ноябрга чейин, «Интегро Ко» ЖЧКсынын иши 26-ноябрга чейин токтотулган. Ага акча алмаштыруучу жайлардын мыйзам бузганы себеп болгон.
Андан тышкары, «Экспо мани» ЖЧКсынан накталай чет элдик валюта менен акча алмаштыруу үчүн лицензиясы кайтарып алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика