Жогорку Кеңешти санариптештирүүгө 8,4 млн доллар жумшоо пландалууда

Жогорку Кеңешти санариптештирүүгө 8,4 млн доллар жумшоо пландалууда

Жогорку Кеңеш Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен бирге 2023-жылдан 2027-жылга чейин болжолдуу бюджети 8,4 млн АКШ долларын түзгөн “Жогорку Кеңешти санариптештирүү” долбоорун ишке ашырууну мерчемдөөдө.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган долбоорду деталдуу иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга IT-технологиялар тармагы боюнча кореялык эксперттер тобу келген.

Эске салсак, алар буга чейин да келип Жогорку Кеңештин техникалык базасы менен таанышкандан соң, бир катар сунуштарын киргизишкен.  

Белгилей кетсек, мерчемделген долбоордун негизги багыттарынын бири мыйзам долбоорлорун кароо жана добуш берүү процесстерин санариптештирүү болуп саналат.

Ал эми 4-октябрда парламенттин жыйындар залында  Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов кореялык эксперттер менен практикалык маселелерди талкуулап, адистер жасала турган иштердин көлөмүн жеринде көрүштү.

Ошондой эле Кореянын  парламентине киргизилген алдыңкы технологиялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.  

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>