Дастан Анарбековдун апасын президентке жолуктургула, — депутат

Дастан Анарбековдун апасын президентке жолуктургула, — депутат

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев министрлер кабинетинен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда дайынсыз жоголгон аскер кызматкери Дастан Анарбековду издөө иштерин тездетүүнү талап кылды.

Депутаттын айтымында, ал бул маселени үчүнчү жолу көтөрүүдө.

“Биз бир айылдан болобуз. Мага күн сайын чалып, тынчсызданып жатышат. Апасынын бир буту Бишкекте, бир буту Таласта. Бүгүн дагы ал Бишкекке келе жатат. Чек ара кызматынын башчысына же Камчыбек Ташиевге же президентке жолуктуруу керек. Мен бул маселени үчүнчү жолу көтөрүп жатам. Качан жооп бересиңер?”, — деп депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

Эске салсак, Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Дастан Анарбеков Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аскердин апасы Сауле Иманалиева 17-сентябрдан бери уулунун дайыны жок экенин айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Кийинчерээк, ал уулун издөө иштери жүргүзүлбөй жатканын билдирген.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Анын кесепетинен 198 адам жабыркап, 63 адам каза болду. Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген жана Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.   

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>