Жогорку сот 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча өкүм чыгарды

Жогорку сот 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча өкүм чыгарды

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкерине өкүм чыгарды.

Соттолуучулардын бирөөсүнүн жаза мөнөөтү Бишкек шаардык сотунун өкүмүндө каралган 6 жылдын ордуна 7,5 жыл деп белгиленди. Ал эми экинчисиники 9 жыл болуп, өзгөртүүсүз калтырылды. Калган эки соттолуучунун жазаа мөөнөтү (8 жана 10 жыл) өзгөртүүсүз калды.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов Кыргызстанда пост жазгандар 5 жылга соттолуп жатканын, ошол эле учурда оор кылмыш жасагандар 7,5 жылга гана эркинен ажыратылып жатканын айтып, соттун чечимин сындады.

Кыздын ата-энеси да соттун чечимине нааразы болуп, Кыргызстанда акыйкаттык жок экенин билдирди.

Эскерте кетсек, окуя былтыр болгон. Иш боюнча шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери, бирөө «Дордой» базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштеген. Милиция кызматкерлери ар бири 15 жылга жана күзөтчү 10 жылга эркинен ажыратылган. Төртүнчү адам 8 жылга соттолгон.

Быйыл январь айында эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскартылып, аларга 6 жана 9 жыл берилген. Ага байланыштуу жабырлануучу тарап акыйкаттык издеп Жогорку сотко кайрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>