Аз камсыз үй-бүлөлөргө берилчү 100 миң сомду байлар алууда, — депутат

Аз камсыз үй-бүлөлөргө берилчү 100 миң сомду байлар алууда, — депутат

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн  берилип жаткан каражаттарды колунда барлар алууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон берилип жатат.

«Жер-жерлерде акчаны кедейлер эмес, колунда барлар алып жатканы боюнча кабарлар келип жатат. Өкмөт жалпы 10 миң жакыр үй-бүлөгө убада кылгандыктан, каражатты баарына берүү керек. Эгерде ушундай улана берсе, анда чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн», — деди ал.

Эл өкүлү белгилегендей, 2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө социалдык келишим түзүп, жеке ишкерлик ачуу үчүн алар 100 миң сомдон алышат. Бул үчүн мамлекет 1 миллиард сом бөлгөн.

Таласта 110 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>