Жөө күлүктөрдүн «Ош RUN» жарышы болуп өттү — сүрөт

Жөө күлүктөрдүн «Ош RUN» жарышы болуп өттү — сүрөт

Кечээ, 12-ноябрда Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында чуркоо боюнча «Ош RUN» жарышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жарышка 300дөн ашык киши катышкан. Катышуучулар жаш курагына жараша бөлүнүп, 1, 3, 5 жана 10 чакырымга жарышкан. Ар бир катышуучуга эстелик катары медалдар тапшырылып, жеңүүчүлөргө уюштуруучулардан сыйлыктар берилген.

Иш-чаранын алкагында оюн өткөрүлүп, катышуучуларга белектер тапшырылган.

Иш-чара DVV International эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен Youth of Osh коомдук бирикмеси тарабынан Ош шаарынын мэриясы, DEM RUN коому менен биргеликте өткөрүлгөн.

Жарыштын максаты Youth Creative HUB жаштар борборун куруу үчүн каражат топтоо, жарандарды спортко тартуу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>