Жоокердин жакындары: Инибиз өзүн атып өлдү дегенге ишенбейбиз

Жоокердин жакындары: Инибиз өзүн атып өлдү дегенге ишенбейбиз

Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүктө каза болгон жоокердин жакындары бүгүн, 4-июлда билдирүү жасап, иниси өзүн атып өлдү дегенге ишенбей турганын айтышты.

Маркумдун таежеси Индира Рысалиева жоокер эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну гана суранганын айтып, ал өзүн-өзү атып алды деген версияга макул эмес экенин айтты.

4-июлга караган түнү саат 12лерде бала апасы менен телефон аркылуу «жакшынакай сүйлөшкөнүн» айткан Рысалиева каргашалуу окуя ошондон эки саат өтүп катталганын билдирди:

«Мен коркуп кире алган жокмун. Инилерим кирди. Ээгинде бир октун жана чекесинде бир октун изи бар экен дешти. Башында артынан чыккан октор бар экен, төбөсүнөн жана капталыраак жеринен. Демек, эки ок ошого эле тийген. Эки гильза жөн жаткан жок да ал жерде. Кокустуктан ок чыгарып алган деп жатышыптыр. Бир атса, мейли, ишенесиң. А экинчи жолу атты дегенге кантип ишенесиң? Мен ишенбейм».

Буга чейин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы «№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган» деп билдирген.

Жоокер кызматка быйыл 21-майда киришкен, 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>