Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чүйдө зордуктоого шектүү 37 жаштагы адам кармалды
05.09.2022 | 14:19
Зордуктоого шектелген жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 5-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
26 жаштагы жабырлануучунун айтымында, 3-сентябрда саат 22:30дар чамасында таанышы аны чачынан кармап, Ак-Суу айылындагы эски кирпич заводуна сүйрөп барган. Шектүү аны ошол жерден зордуктаган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1985-жылы туулган М.Н.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал