Ысык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталдыДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. ВидеоКыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
Жунусбеков: Жапаровдун штабында иштеген эмесмин, каралап жатышат – видео
28.12.2020 | 14:48
Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү А. Мощин жарандык активист Мелис Аспеков менен “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанганы кабарланган.
Анда Аспеков менен Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканы, мындай укук аларга берилбегени айтылган.
Буга байланыштуу “Репортер” Төрөхан Жунусбековдун өзүнөн бул тууралуу пикирин сурап кайрылды.
Анда Жунусбеков ал аталган кайрылуу тууралуу маалыматы жоктугун жана Жапаровдун штабында иштебегендигин айтты.
Ошондой эле аны Садыр Жапаровдун штабында иштейт деп маалымат таратышып, аны жана Жапаровду каралоо аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирди.