14 жаштагы кыздын өлүмү: Сексолог кылмыштын себебин айтты — видео

14 жаштагы кыздын өлүмү: Сексолог кылмыштын себебин айтты — видео

Кадамжай районундагы киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү бул чоң трагедия. Мындай пикирин медицина илимдеринин кандидаты, сексолог Нурбек Моңолов билдирди.

Анын пикиринде, мындай трагедияга сексизм себеп болгон.

“Сексизм — бул эркектер аялдардан кыйын деген ой жүгүртүү. Бул ойду коом өзү жаратат. Сексисттер бул алсыз адамдар деп эсептесек болот. Алардын күчү аялдар менен балдарга эле жетет.

Менимче курман болгон Айдай үч кылмышкердин тийишкенине баш ийбей, аларга каршылык көрсөткөн. 14 жаштагы кичинекей кыздын колун эмне үчүн чоң эле адамдар байлап салышкан? Анткени Айдай аларды ордуна коюп, каршылык көрсөтүп, өзүнүн эрки үчүн күрөшкөн. Бирок, мындай көрүнүш үчөөнө жаккан эмес.

Ошон үчүн алар өздөрүнүн күчтүүлүгүн далилдеш үчүн ушундай мыкаачылык кадамга барышты. Менин пикиримде өспүрүм кыз үч кылмышкер менен эле эмес, сексизм менен, коомдун ириңдеп жаткан көйгөйлөрү менен күрөшүп, курман болду”, — дейт Нурбек Моңолов.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Монолов Нурбек (@dr.monolov)

Буга чейин Кадамжайда 5-сентябрда киши колдуу болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылганы маалымдалган. Ал 14 жаштагы Халмион айыл аймагынын  тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектүу делип, аталган айыл аймактын 3 жашоочусу кармалган. Төрт күндөн кийин аталган кылмышка шектүү делип, өспүрүм жигит да кармалган.

Окуя боюнча маркум кыздын жакындары дагы үн каткан. Президент Садыр Жапаров дагы кайрылуу жасап, 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш экенин айтып, ишти жеке козөмөлүнө алганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>