«Азаттык”, OCCRP жана «Клооптун» Саймаити менен Матраимовдордун байланышы тууралуу иликтөөсү

«Азаттык”, OCCRP жана  «Клооптун» Саймаити менен Матраимовдордун байланышы тууралуу иликтөөсү

Бир адам беш жылдан ашык убакытта жүз миллиондогон долларды Борбор Азиядан чыгарып кеткен. Ал билген маалымат акыры анын өмүрүн алып тынды окшойт. Бирок ал атып өлтүрүлөрдөн мурда кабарчылар менен бөлүшүүгө үлгүргөн документтер эсепсиз байлыктын булагын ачыкка чыгарды. Аларга ылайык, көпчүлүктүн көзүнө урунбаган көмүскөдөгү үй-бүлө таасирдүү саясий калкалоонун жардамы менен жашыруун карго империясын иштетип келгени ырасталды.

“Азаттык”, "OCCRP" жана “Клооптун” биргелешкен иликтөөсү, кыткартпай беребиз.

“Мен Айеркен Саймаити”, — деп өзүн тааныштырган жигит: “2011-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар которгом”,- деп баяндайт. Журналистке сырын ачкан бул сүйлөшүүдөн бир нече ай өтпөй Саймаити киши колдуу болуп, ажал тапты.

Бирок өлөрүнө аз калганда дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бириндеги элдин акчасын системалуу түрдө карактап турган ири схеманы ачыкка чыгарган документтерди кабарчыларга берип үлгүрдү.

700 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫН ИЗИ

Стамбулдун Европа тарабында, Босфордун боюнда Осмон дөөлөтүнүн заманында курулган Чыраган сарайы заңгырап көзгө урунат. Бир кезде анын мармар таштан салынган кең бөлмөлөрүндө Султан Абдул-Азиздин кызматчылары өйдө-ылдый жүгүрүп, күн көргөнү тарыхта калды. Сарайдын ички жасалгасы 1909-жылдагы өрттөн кийин урандыга айланып, бакчасында айрымдар топ тээп футбол ойноп калышкан.

Азыр Чыраганда капчыгы кампайгандар менен ашынган байлар чүйгүн тамакты тандап жеп, узун бассейндин жанында күнгө кактанып, XVII кылымга таандык кооз дарбазанын алдында сүрөткө түшкөн беш жылдыздуу “Кемпински” мейманканасы жайгашкан.

Жакында, октябрдын соңундагы жылуу күндөрдүн биринде сарайдын атактуу бакчасындагы итальян ресторанында адаттан тыш эки адам жолуккан. “Бирөө-жарым көз салган жокпу?” деп анда-санда эки жагын карап коюп, алар ортодогу үстөлгө кагаздарды жайып алып бир нече саат сүйлөшкөн.

Алардын бири журналист эле. Экинчиси эки жыл мурда Кыргызстандан Стамбулга келип, жеңил машинелерди ижарага берип иштеткен агент, сыпайы, антсе да агынан жарылып көп сүйлөгөн 37 жаштагы Айеркен Саймаити болчу.

Айеркен Саймати журналист менен Стамбулда жолуккан. (Photo: OCCRP)

Саймаитини бир көргөн киши анын ичинде көптөгөн жашыруун сырлары бар экенине шектенбейт эле. Кантсе да, бир нече күн мурдараак эле анын кызматкерлеринин бирин [Кыргызстанда] токмоктоп өлтүрүп кетишкен. Андыктан жеке керт башынын коопсуздугунан катуу чочулаган Саймаити өзүнүн чыныгы бизнеси менен кардарларын ачыкка чыгарууга даяр болуп калган.

Саймаити өзү мойнуна алгандай, ал арам акчаны адалдоочу адиске айланган. Алсак, беш жыл аралыгында кеминде 700 миллион доллардын Кыргызстандан ондогон өлкөлөргө банк аркылуу жана накталай түрдө чыгарылып кетишине жооптуу болгон. Купуялыкты камсыз кылыш үчүн банктардагы акча которуу иштери жалган келишимдерге негизделип, нак акчаны карапайым курьерлер өз акчасы катары көрсөтүп ташып турушкан. Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири экенин эске алганда, акчанын жашыруун агымынын көлөмү таң калтырбай койбойт.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Быйыл июль айында Кыргызстандын Финансы полициясы Саймаити, анын компаниясы жана аялы жети жыл ичинде 100 миллиондогон долларды кыргыз банктары аркылуу чыгарып кетүүгө жооптуу болгонун билдирген. Ошентса да бул акча которуу иштерин кадыресе бизнес операциялары катары мүнөздөп, мыйзам бузулганы же бузулбаганы тууралуу тыянак чыгарган эмес.[/su_heading]

Саймаити айрыкча кылдат каттап топтогон кагаздарын ушул жаз жана жай айларында четинен чыгара баштаган. Кабарчыларга болгон ишеничи арткан сайын ал көрсөткөн документтер да көбөйгөн. “Азаттык” радиосу“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору”жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” бир нече ай бою Саймаити сунуш кылган документтерди изилдеп, аларды далилдер менен бышыктоого аракет кылышты. Биргелешкен иликтөөнүн жыйынтыгы Саймаитинин башкы дооматтарынын көбүн тастыктады.

Иликтөө ырастагандай, Саймаити чет өлкөлөргө жөнөткөн акчанын көбү ушуга чейин бир да мүчөсүнүн сүрөтү ачык булактарга жарыялана элек жашыруун уйгур үй-бүлөсүнүн лидери, Кытайда төрөлгөн, 55 жаштагы Хабибулла Абдукадыр иштеткен компаниялардын түйүнүнө агылып турган.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Абдукадырдын эң жакын туугандары Хадир, Палван жана Айбибула деген сыяктуу бир нече фамилияны колдонушат. Түшүнүктүү болуш үчүн жана бизнес империяга Хабибулла Абдукадыр жетекчилик кылгандыктан, бул иликтөөдө алардын бизнес түйүнүнө байланышы бар үй-бүлө мүчөлөрүн жалпылап Абдукадыр деп атайбыз.[/su_heading]

Саймаити берген контракттар жана расмий өкүлдөр, соодагерлер, ишкерлер менен болгон маектер бул үй-бүлөнүн миллиондору декларацияланбаган жана бурмаланып катталган товарларды Кытайдан Кыргызстанга ташып, андан ары Борбор Азия менен Орусиянын базарларына жеткизген жашыруун системадан түшүп турганын ырастады.

Саймаитинин айтымында, бул сүрөт (солдон оңго карай) Алимужиаң Хадирди, Наби Хадирди, Маймаитили Хадирди, белгисиз айымды жана баарын жетектеген Хабибулла Абдукадырды көрсөтөт.

Колдогу далилдүү маалыматтар ишарат кылгандай, бул иштер өкмөттөгү жогорку деңгээлдеги байланыштар болбосо жүзөгө ашмак эмес. Айрыкча ушунчалык таасирдүү болгондуктан көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы чоңдорунун бири Райымбек Матраимовдун колдоосу маанилүү болгон. Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн тапкан акчасынын орчундуу бөлүгү коррупциялашкан жетекчилердин бүтүндөй бир түйүнүнө төлөнүп турган.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөсү Дубайдагы бир кыймылсыз мүлк долбоорунун биргелешкен инвесторлору экенин журналисттер таап чыгышты.[/su_heading]

Саймаити айтып берген бири-бирин калкалоо жана коррупция түйүнү Кыргызстанда жакырланган элдин эң муктаж болгон коомдук каражатын гана карактабастан, мыйзам үстөмдүгүнө калың көлөкө түшүргөн.

Бирок анын таасири жалаң эле Борбор Азия менен чектелбейт. Саймаити ары-бери жүгүртүүгө жигердүү катышкан акчанын көбү Бириккен Араб Эмираттарындагы, Европадагы жана АКШдагы банк эсептерине жана кыймылсыз мүлк базарына агылып турган.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Райымбек Матраимовдон комметарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын үй бүлө мүчөлөрү да жооп беришкен жок. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жардамчысы дагы убакыт бергиле деп суранды. Иликтөөгө катышкандардын коопсуздугунан улам ал өтүнүч аткарылбай калды. Райымбек Матраимов менен иштешип жүргөн адвокат аны менен кызматташтыгын токтотконун билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты. Абдукадырдын үй бүлө өкүлдөрүнө, Бажы кызматына жана Кыргызстандын күч органдарынан комментарий сураган бир нече өтүнүчүбүз орундалган жок.[/su_heading]

Абдукадырдын үй-бүлөсү менен беш жылдан ашык чогуу иштешкен соң Саймаити менен анын өнөктөштөрүнүн кызматташтыгы зомбулук жолу менен кыйраган. Жеке коопсуздугунан катуу чочулаган Саймаити 2017-жылдын жазында Кыргызстандан чыгып кетип, Стамбулга барып, башка кардарларга жашыруун финансылык кызмат көрсөтүүнү уланткан.

Саймаити эмне үчүн мурунку ишмердиги тууралуу коомчулукка билдирүүгө бел байлаганын кабарчыларга толук чечмелеп айтып берген эмес. Бирок ал өз колундагы маалымат мурдагы жетекчилерине катуу зыян келтириши мүмкүн экенин ачык айткан.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]»Алардын көп документтерин, көп бизнестерин, көп коррупционерлерди мен билип калдым» ,- деп билдирген Саймаити. “Алардын акчасы каякка кеткенин, кайда которулганын: Америкага, Англияга, Германияга, Түркияга, Дубайга, Кытайга которгон акча каражаттарынын документтери — баары менин колумда эле”.[/su_heading]

Айеркен Саймаити (Photo: Aierken Saimaiti)

Ошол октябрь күнү Босфор боюндагы жолугушууда Саймаити документтердин акыркы жана көп нерсени түшүндүргөн таңгагы менен бөлүшүп, “дагы далилдер болот” деп убада берген. Бирок ал Кытайдын жараны болгондуктан, аны камакка алуу тууралуу Интерполдун эскертүүсүнөн улам экстрадиция маселесинен чочулап жүргөн. Коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Түркиянын жарандыгына арыз берип, аны 14-ноябрда алып калам деп үмүттөнүп турган. Андан соң колундагы акыркы карталарын ачыкка чыгарып, өзү буга чейин жарыялаган маалыматтардан шек санатпай турган документтерди көргөзмөк.

Ал мүдөө орундалган жок. Чыраган сарайындагы жолугушуу акыркысы болуп калды. Эки жумадан кийин, 10-ноябрдын түнүндө Саймаити Стамбулдун чок ортосундагы мейманкананын кафесинде атылып өлтүрүлдү.

АЛГАЧКЫ КАДАМДАР

Кыргызстан жакыр болсо да стратегиялык жактан Борбор Азиянын так ортосунда жайгашып, тогуз жолдун тоомуна айланган. (Кытайдан Өзбекстанга алып барчу эң кыска соода жолу Кыргызстан аркылуу өтөт). Баш калаа Бишкектеги чоң көчөлөрдүн бири байыркы соода жолунун атынан Жибек жолу деп аталганы да бекеринен эмес. Азыр өлкөнү аралап өткөн кыйма-чийме тоолуу жолдор Кытайдын буюм-тайымдары шыкалган чаң баскан жүк ташуучу машинелерге толгон.

Өзбек соодагерлери калкынын далайын түзгөн байыркы Ош шаары соода-сатыкка кызыккандарды өзүнө тартып келген. Кытай менен Европаны туташтырган Жибек жолуна байланышы бар бул шаар алигиче түркүн-түстүү базарлары жана түрдүү улуттары менен да белгилүү.

Берекелүү Фергана өрөөнүндөгү дал ушул аймакка 17 жаштагы Айеркен Саймаити 1999-жылы Кытайдын Шинжаң аймагынын борбору Үрүмчүдөн келген. Эмнени көздөп келгенин журналисттерге айтпаса да, жаш жигитти күнөстүү жана көп түрдүү кыргыз шаары кызыктырганы таң калычтуу эмес.

Соодагерлик жашоонун талабына жараша, Саймаити түркчө, өзбекче жана кыргызча аралаштырып сүйлөй алган. Ал кытайча билсе да эч качан англисче сүйлөгөн эмес, чөлкөмдөгү орток тил болуп саналган орусчаны да үйрөнгөн эмес. Кириллицада жазылган билдирүүлөрдү кыйынчылык менен түшүнчү.

Аны тааныган адамдардын айтымында, Саймаити алгач Ош шаарынын чекесиндеги товар контейнерлерине жана күркөлөргө шыкалган Кара-Суу базарында сатуучу болуп иштеген. Базардагы иш тажрыйбасы жаш жигитке импорт жана экспорт бизнеси менен жакындан таанышууга шарт түзгөн сыяктуу. Себеби бул базар Өзбекстандын чек арасына жакын жайгашып, Кыргызстандагы маанилүү соода борборлорунун бири болуп эсептелет.

Ошол кездери Саймаитинин айтымында, ал жергиликтүү соодагерлердин акчасын Кытайга жөнөтө баштайт. Ал өзүн жөндөмдүү жана ишеничтүү адам катары көргөзө алган соң көп узабай Хабибулла Абдукадыр байланышка чыгат. Кабарчыларга баяндап жатканда Саймаити бул таасирдүү адамды “ажы” деп атаган. (Адатта Меккеге зыярат кылып келгендерди “ажы” деп урматтап аташат.) Абдукадыр бир туугандарынын улуусу болгон жана Саймаитинин жардамы менен алардын баарын байыта турган системаны түзө алган.

Ал “Уйгурлардан “Ошто ким кыйын?”, — деп сураганда, жергиликтүү уйгур соодагерлери аны жаш Саймаитиге жолдошкон.

«Ал мени телефон чалып тапкан. “Үкам, мен дагы артуштук [Кытай] уйгурмун, экөөбүз иштейли, мындай кылалы, андай кылалы” десе, мен “сиз чоң киши экенсиз, сизге бардык нерсени көрсөтүп берейин” деп банкка алып баргам. “Мындай иштейсиз, андай иштейсиз” деп көрсөтсөм “жок, сен кылып бер” деген да”, — деп айтып берген эле Саймаити.

Саймаитиге өнөктөштүк сунуш кылганына караганда, Абдукадыр таасирленип калса керек.

Товарлар менен акча жүгүртүүдө жардам бергени үчүн жаш жигит түшкөн пайдадан үлүшүн алып турмак болот. Саймаити өз бөлүгүн аткарат. “Мен анын эрежелери менен иштей баштадым”,- деген Саймаитинин айтымында, көп узабай көмүскө бизнеске миллиондогон доллар агып келе баштайт.

БИР ТУУГАН АБДУКАДЫРЛАР

Калкы Кыргызстандыкынан беш эседен көбүрөөк коңшулаш Өзбекстанда баш калаа Ташкенттин айланма жолунун боюнда “Абу-Сахий” базары жайгашкан.

Өзбекстандын ишкерликти каттоо базасына ылайык, бул базарды иштеткен компанияга бир канча жыл бою мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Лола Каримованын күйөөсү, таасирдүү ишкер Тимур Тилляев ээлик кылып келген.

Бирок Саймаитинин айтымында, чынында бул базар анын жаңы жетекчиси Абдукадыр тескеген долбоор катары 1990-жылдардын аягында ишин баштаган. (Бул маалыматты көз каранды эмес булактар тарабынан бышыктоого мүмкүн болгон жок.)

Саймаити Абдукадырдын ишенимдүү адамынан уккан аңгемеге ылайык, базардын аталышы кадимки тамашадан башталган.

«1990-жылдардын аягында Хабибулла Абдукадыр Ташкенттеги соодагер уйгурлардын башын бириктирип, базар ачкан. Белгилүү өзбек ырчысынын күйөөсүнөн “фирма ачып атам, ат коюп бер” деп суранып калат. “Канча бересиң?” деп тамашалашса, 1000 доллар сунат. Анда ал абдан чоң акча болчу. Ошондо “сен сахий [жоомарт] жигит экенсиң деп базардын атын “Абу – Сахий” деп коюп бериптир»,- деп айтып берген Саймаити. (Өзбек тилинде “сахий” деген сөз “жоомарт” дегенди билдирет. Абу Хабибулланын кыскартылган аты).

Бул окуя уламыш сымал угулса да, Абдукадырдын мүнөзүн жана башкалардын ага болгон мамилесин сүрөттөй алат. Бул киши өзүн эл көзүнөн болушунча оолак кармап келген. 2018-жылы анын компанияларынын бири кыргыз өкмөтү менен Бишкектеги “Акылдуу шаар” долбооруна байланыштуу кескин сынга кабылып, кийинчерээк жокко чыгарылган келишимге кол койгонго чейин көпчүлүктүн ал тууралуу маалыматы жок эле. Журналисттер анын бизнесине таандык документтердин изине түшүп, жооптун ордуна түмөн-түркүн суроо жараткан чырмалышкан компаниялар тобун таап чыгышты.

Абдукадырдын дүйнө кескен изи

Компаниянын документтери Абдукадырдын 2000-жылдардын башынан тартып Кытайда, Казакстанда жана Өзбекстанда иш алып барган бир нече ишканалар менен байланышын көргөзөт. 2011-жылдан кийин анын жашыруун империясынын кулачы Бириккен Араб Эмираттарына, Германияга, Улуу Британияга жана Кошмо Штаттарга чейин жайылган. Бирок анын компанияларынын ишмердиги кыймылсыз мүлккө салынган инвестициялар менен гана чектелгени көрүндү. Абдукадырдын компанияларына көбүнчө аялы жана балдары ээлик кылат жана алар корпорациялардын документтеринде Түркиянын, Кытайдын же эки өлкөнүн тең жарандары катары көрсөтүлгөн. Абдукадыр өзү Кытайда төрөлгөн жана 2011-жылдын ноябрь айынан тартып казак паспортун да алганын кабарчылардын колуна тийген документтин көчүрмөсү ырастап турат. Мындан тышкары Абдукадыр 2012-жылы Бириккен Араб Эмираттарында туруктуу жашоого укук алган.

Саймаитинин айтымында, Хабибулла Абдукадыр “Абу-Сахий” базарын түптөгөндөн көп өтпөй Өзбекстандан чыгып кетип, Казакстан менен Орусияда бир нече жыл өткөргөн. Кабарларга караганда, кайра Өзбекстанга кайтып барганда ал кездеги президент Каримовдун үй-бүлөсү менен келишим түзүп, базарды көзөмөлдөөдөн баш тартып, анын ордуна ал базарга товар ташыган, кайра эле «Абу-Сахий» деп аталган өзүнүн жеке карго бизнесин түптөгөн.

Хабибулла Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде. Ноябрь, 2017-жыл (Президенттик аппараттын сүрөтү)

Хабибулла Абдукадырдын 2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына катышканын көрсөткөн видеодон алынган сүрөт. Мурдагы эки расмий жетекчи Жээнбеков аларды убагында көмүскөдөгү олигарх менен тааныштырганын айтышкан. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 2012-жылы Жээнбеков Ош облусун жетектеп турганда Абдукадырлардын бири менен таанышканын түшүндүрдү.

“2012-жылы [Ошто] өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан. Ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Иниси аркылуу Х.Абдукадыр менен таанышкан. Андан кийин алардын А.Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу маалыматы жок”, — деди Стамалиева.

МОНОПОЛИСТТЕР

Жылдар өтүп, Абдукадырдын үй-бүлөсү “Абу-Сахийди” байыркы Жибек Жолунун изи менен Кытайдан товар ташыган карго империясына айландырган.

“Абу-Сахийдин” ишин толук түшүнүш үчүн кабарчылар компания тууралуу Кытайдагы, Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы маалыматтарды карап чыгып, расмий жетекчилерди жана атаандаш компаниялардын өкүлдөрүн кепке тартып, бажы терминалдарына да барып келишти. Анын натыйжасында эпсиз киреше тапкан бул бизнес баарынан мурда Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн бажыдагы чоңдор менен байланышына көз каранды экени анык көрүндү.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы башка мамлекеттик мекемелердей эле паракорчулук менен жемкорлуктан жапа чегип келет. Бирок Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн ишмердиги майда-барат паракордук менен чектелбейт.

Кеп жүк ташуучу автоунаалар Кыргызстандын чек арасынан өтүп жаткан маалда жергиликтүү бажы офицерлерине накталай акча салынган конвертти суна коюуда эмес эле.

Анын ордуна Абдукадырдын үй-бүлөсү алдын-ала макулдашылган, кылдат уюштурулган системаны түзүп чыккан. Ага ылайык, терминалда иштеген жумушчулардан тартып алардын жетекчилерине чейинки түрдүү деңгээлдеги аткаминерлер кирешенин бир бөлүгүн алып турушкан. Өз кезегинде алар Абдукадырдын үй-бүлөсүнө башка бир да атаандаш компаниянын колунан келбеген натыйжага жетүүгө көмөктөшүп турушкан.

Саймаитинин айтымында, “Абу-Сахийдин” түрдүү товарлары жүктөлгөн жүк ташуучу машинелери бир айда 600 жолу Кытайдын Шинжаң районунан Кыргызстанга өтүп, андан ары Ташкентке жана башка аймактарга сапар алып турган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бажы терминалдарында, ошондой эле өзбек чек арасындагы Кара-Суу терминалында жетиштүү сандагы тааныш офицерлер иштеген. Андыктан бул мекемелер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жеке менчик жайлары сыяктуу иштеп калышкан.

Ондон ашык ишкер сүрөттөп берген тартипке ылайык, “Абу-Сахий” жана ага байланышы бар карго компаниялары гана өздөрүнүн жүк ташуучу машинелерин бажы посту аркылуу тез жана натыйжалуу өткөрүп кетип турушкан. Атаандаш фирмалар кечеңдетүүгө жана оор тоскоолдуктарга кабылгандыктан алар үчүн бизнес жүргүзүү оор ишке айланган.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]“Сизге эч ким деле жүк бергиси келбейт. Анткени сеникин терминалдан өткөрүү кымбат жана машакаттуу ишке айланат. Ошон үчүн кээ бир каргочулар эптеп эле күн өткөрүп калган”, — деп айтып берген ишкерлердин бири.[/su_heading]

 Чоң олжо

Саймаити Абдукадырлар “Абу-Сахийдин” чек арадан өткөн ар бир жүк ташуучу машинеси үчүн 4600дөн 5000 долларга чейин пара төлөп турушканын журналисттерге бир нече жолу айтып берген. Анын эсебине ылайык, бир айда 600 жолу жүк ташылса, андан жалпысынан 3 миллион доллардай олжо түшкөн. Саймаити чогулган акча өкмөттөгү ар кыл деңгээлдеги расмий кызматкерлерге жана өнөктөштөргө бөлүнүп берилерин айткан эле. Бул схеманы жогорку кызматтагы расмий жетекчилер, алардын ичинде мурдагы жана азыркы бажы кызматкерлери, мурдагы министр жана бир нече депутат өз маектеринде ырасташты. Бирок кесепетинен чочулаганы үчүн алардын бирөө да ачык айтып берүүгө макул болушкан жок.

Абдукадырдын үй-бүлөсү үчүн алардын бажыдагы байланыштары чек арадан тез өтүүгө гана эмес, салыктан качууга да шарт түзгөн. Чек арада күтүп турган ымалалаш агенттер алардын товарларын кымбат өндүрүм катары эмес, кездеме сыяктуу башка арзан товарлар катары каттап, бажыдан шыр өткөрүп турушкан.

Дагы бир артыкчылыкка ылайык, алардын жүктөрүнүн айрымдары Кыргызстанга кирген импорт эмес, Өзбекстанга бара жаткан транзит товарлары катары катталган. Бул Кытайдын товарларын өлкөгө арзан алып кирүүгө шарт түзгөн.

Чынында жүк ташуучу машинелердин көбү Өзбекстанга товар жеткирип, алар Ташкенттеги базарда сатылып келген. Бирок жүктүн далай бөлүгү Абдукадырдын үй-бүлөсү өзбек чек арасына жакын жерде иштеткен Кашкар-Кыштак айылындагы кампага түшүрүлүп турган. Андан соң бош машинелер “транзит” деген документтери менен Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Түшүрүлгөн жүктү Кыргызстанда сатууга же Казакстан жана Орусия сыяктуу кирешелүү базарларга жөнөтүүгө жол ачылган.

“Абу-Сахийдин” айдоочуларынын бири кытай товарларын “Кыргызстандан чыкты” деген жасалма кагаздар менен бир нече жолу Орусияга жеткиргенин кабарчыларга айтып берген.

Айдоочу: Кытайдан жүк ташыганбыз. Аны Кара-Суудагы терминалга алып келип, терминалдан Бишкекке деп документ жасайт эле. “Кара-Суу базарынан алынган” деп. Бишкекке барганда Бишкектен “Дордойдон алынган товар” деп Москвага документ жасашат эле. Ошентип мен 2016-жылы бир жолу бардым. 2017-жылы үч жолу бардым. 20 “Вольво” төрт-беш рейстен каттаган. Москвага алпарып түшүрөт элек, кайра бери кайтат элек.

Кабарчы: Москвада кайсы жерге түшүрчү элеңиздер?

Айдоочу: Москвада, Люблинодо чоң соода борбору бар экен. Ошонун артына алпарып түшүрөт элек.

Абдукадырдын үй-бүлөсү артында турган башка бир схемада Саймаити түзгөн дагы бир бизнес амалкөйлүк менен колдонулган. 2014-жылдан тартып Саймаити башка бирөөнүн базарында товар сатууну токтотуп, өзүнүн жеке базарын түптөп, анын кожоюндарынын бири болуп калган. Жүздөгөн темир контейнерлер тизилген, өзбек чек арасына тушташ жердеги айталаага салынган базар “Ноогардан-Атуш” деп аталат.

Үзүлгөн үмүт

Саймаитинин базарына ээлик кылган “Абдыраз” компаниясы 2011-жылы уюшулган. Кийинки жылы базардын 60% анын колуна өткөн. Быйыл жыл башында “Азаттыктын” кабарчылары барганда ал базарда иш абдан эле солгун экенин көрүп келишкен. Саймаитинин өнөктөшү, соода жайынын кожоюндарынын бири Назия Турдалиева базар эптеп-септеп күн өткөрүп жатканын айткан.

“Чоң максаттарыбыз бар эле, аларды аткара албай калдык”, — деген Турдалиева уйгур сатуучулардын көбү Кытайга “чакыртылып кеткен” боюнча кайра кайтып келбегенин айтып берген. Анын айтымында, мурда базарда сатылган товарлар таң каларлык деңгээлде арзан болгон.

Турдалиева Саймаити бул бизнести мыйзамсыз максаттарды ишке ашырыш үчүн колдонгонунан түк кабарсыз экенин кошумчалаган.

Абдукадырдын түйүнү кытайлык компаниялары аркылуу Саймаитинин базарды иштеткен “Абдыраз” компаниясы менен келишимдерге кол койгон. Саймаити өзү жасалма деп мүнөздөгөн бул келишимдер товарлар ошол базарда сатылып жаткандай түр көрсөтүүнү көздөгөн. Иш жүзүндө ал товарлар да чет өлкөдөгү башка базарларга жөнөтүлүп турган.

“Жүк каякка кетти? Москвага кетти, Орусияга кетти. Ал жүк менин фирмамдын базарына келген жок. Алар меникинен “алып-сатылды” деп документ жасап, мен жүк келди деп акча которо берем”, — деп айткан Саймаити.

Кытай товарларын Орусияга же Казакстанга “кыргыз” буюм-тайымдары катары экспорттоо Евразия Экономикалык Биримдигинин тарифтеринен буйтап өтүүгө мүмкүндүк берет. Бул биримдикке кирген Казакстандын өкмөтү кытай товарлары Кыргызстан аркылуу аткезчилик жол менен өз аймагына ташылып келип жатканы тууралуу көптөн бери даттанып жүрөт. 2016-жылы казак соту Абдукадыр үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн кытайлык компания Кытайдан Өзбекстанга бурмаланган кагаздар аркылуу товар ташып барганын аныктаган.

Жогоруда айтылгандарды бышыкташ үчүн Саймаити кабарчыларга беш соода келишимин берген. Бардыгына 2014-жылы эки ай ичинде кол коюлган бул келишимдер көрсөткөндөй, Саймаити баш-аягы 114 миллион долларлык текстил жана башка товарларды бир жыл ичинде импорт катары сатып алууга макул болгон.

Саймаити берген келишимдерди бул жерден окуңуз.

Ошол эле учурда Саймаитинин базарынын соңку алты жыл ичиндеги товар жүгүртүүсүнүн жалпы суммасы 16,5 миллион долларды гана түзгөнүн базардын кожоюндарынын бири Назия Турдалиева айтып берди. Мындай дал келбестик Саймаити Абдукадырдын түйүнү үчүн иштетип турган схеманын масштабын айгинелеп турат.

Бул схема аркылуу да бажыдагы жасалма документтерден далай пайда түшүп турган.

“Мисалы текстиль арзан. Кийим-кече, бут кийим кымбат. Алардын [бажы тарифи] үч доллар болсо, текстиль 50 цент. Менин Кыргызстандагы фирмама текстиль келди деп жазып коет”,-деген Саймаити чынында машинеде башка товар бардыгын айткан.

“Телефон болушу мүмкүн. Кымбат баалуу норка бар. Телефон алып келатып, аны текстиль деп койсо болот. Бир даана телефон [бажы тарифи] алты доллар, алар текстиль деп бир “Камаз” жүктөн төлөм алса беш миң доллар. Беш миң доллар берип, бир “Камаз” телефон алып чыгып, Орусияга алпарып төгүп салыңыз. Кимди болбосун банкрот кыласыз”, — деп түшүндүргөн Саймаити.


“РАИМ МИЛЛИОН”

Бажыдагы көз боёмочулук менен коштолгон мындай татаал схема көптөгөн ишенимдүү адамдардын кызматташтыгы болбосо ишке ашмак эмес. Бирок буйрук (жашыл жарык) жогору жактан келиши керек эле.

Ошондой таасирдүү адам катары Саймаити өз интервьюларында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын бир нече жолу баса белгилеген. Өмүрүнүн көп бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн бул адам ашынган байлыгынан улам эл оозуна алынып, “Раим миллион” деген ылакап атка конгон.

Бажыдагы көз боёмочулук менен коштолгон мындай татаал схема көптөгөн ишенимдүү адамдардын кызматташтыгы болбосо ишке ашмак эмес. Бирок буйрук (жашыл жарык) жогору жактан келиши керек эле.

Ошондой таасирдүү адам катары Саймаити өз интервьюларында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын бир нече жолу баса белгилеген. Өмүрүнүн көп бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн бул адам ашынган байлыгынан улам эл оозуна алынып, “Раим миллион” деген ылакап атка конгон.

Раимбек Матраимов. (Photo: RFE/RL)

Саймаитинин айтымында, Матраимов Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн пара чогултуу жана аларды таратуу ишин уюштурууга жооптуу болгон. (Анын айткандары башка бир нече булактар аркылуу ырасталды).

Бир нече булак Матраимов тууралуу ушуга окшош маалыматтарды беришкени менен кесепетинен чочулагандар ачык сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Алардын арасында бир карго компаниясынын кожоюну, азыркы жана мурдагы бажы офицерлери, өкмөттөгү мурдагы жогорку жетекчи, мурдагы министр жана чет өлкөдөн товар импортогон ишкер бар.

“Райымдын балдары [бажы терминалдарына] келип, алып кетет”, — деген Саймаити дагы бир нече адамдын, анын ичинде азыр Мамлекеттик бажы кызматынын жогорку тепкичтеринде иштеген бир кишинин атын атаган.

Саймаитинин айтымында, Матраимов өз кезегинде Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн товарларынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз өтүп турушуна кепилдик берип турган.

Саймаити мындай макулдашуудан Матраимовдун өзү да олчойгон пайда көргөнүн айтып берген. Анын айтымында, Матраимов паранын бир үлүшүн колго алгандан тышкары Саймаити ага Абдукадырдын буйругу менен түз акча жөнөтүп турган.

Матраимов алган акчанын жалпы суммасы белгисиз болсо да, Саймаити 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын февраль айына чейин өзүнүн которгон финансы каражаттарын каттап турган эсеп-кысап дептерин журналисттерге көрсөткөн.

Саймаитинин эсеп дептериндеги таблицаны көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

«[Абдукадыр] Ажы “тигини бул жакка, муну бул жакка котор, аны РКге кетти деп жазып кой” дейт эле. Райымды кыскартып РК деп койгонбуз. “РКнин атына “ал жакка, бул жакка кетти, Англияга кетти” деп жаз” дейт эле. Мен жазып, бухгалтерге да айтып, ага да жаздырчумун», — деп эскерген Саймаити.

Саймаити түшүндүрүп бергендей, эсеп дептердеги таблицада Матраимовдун кайрымдуулук фонду ‘Kergizstan RK’ деп белгиленген. Андан фондго жети жолу жалпысынан 2,4 миллионго жакын доллар жөнөтүлгөнүн көрүүгө болот.

Саймаитинин эсеп дептериндеги таблица колго толтурулуп, кайсы бир деңгээлде туш келди жазылса да, журналисттер андагы Матраимов тууралуу маалыматты ырастай алышты. Булардын экөө Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан ишке ашырылган акча которуунун тастыктамасынын түп нускасы, бул документтер таблицада жазылган 200 миң доллардык банктык которууну ырастап турат. Калгандары башка бир нече компаниялардын банк аркылуу которгон каражаттарынын сүрөттөрү же скриншоттору.

Акча бир канча банк эсебинен, ар башка адамдардын атынан жана түрдүү өлкөлөрдөн жөнөтүлсө да, Саймаити өз маектеринде бардык төлөмдөрдү өзү көзөмөлдөп котортконун бир нече жолу баса белгилеген.

“Мен көзөмөлгө алып туруп котортком. Кайрымдуулукка деп көрүнөт экен”,- деп айтып берген ал.

Вуфули Бумаилиямунун атынан Матраимовдордун фондуна жөнөтүлгөн каражаттардын документтин көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

Матраимовду Абдукадырдын үй-бүлөсү менен жалаң эле акча которуу жана Саймаитинин көрсөтмөлөрү байланыштырып турбайт. Мурдагы бажы жетекчисинин аялы Дубайда жер тилкесин сатып алганын, ал жерде Абдукадырдын бир компаниясы ар кыл максатта колдонула турган беш кабаттуу имаратты куруп жатканын кабарчылар Дубайдын кыймылсыз мүлкү тууралуу ачыкка чыгып кеткен маалымат базасы жана башка коомдук ачык маалыматтар аркылуу таап чыгышты.

Матраимовдун мамлекеттик кызматта турган учурда толтурган декларациясы анын үй-бүлөсүнүн мынча көлөмдөгү инвестиция салууга мүмкүнчүлүгү болгонун күбөлөбөйт. Бирок Саймаити Абдукадыр үй-бүлөсүнүн чет өлкөгө жөнөтүлгөн каражаттарынын арасында Дубайга которулган ири суммадагы акча бар экенин баса белгилеген жана бул жагдай Матраимовдун үй-бүлөсү үчүн өнөктөштүктөн пайда көрүүнүн дагы бир жолу болгонбу деп суроо салган.

700 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КУУР

Абдукадырдын түйүнү түзгөн жашыруун система өтө кирешелүү болуп, беш жыл ичинде Саймаити которгон 700 миллиондон ашуун АКШ доллардын басымдуу бөлүгү алардыкы болгон. Саймаити акчаны ары-бери жиберип турууга жооптуу болуп, ал үчүн киришенин бир бөлүгүн өзүнө алып турган.

Cаймаитинин айтканы боюнча акчанын басымдуу бөлүгү Ташкенттеги Тилляевге таандык «Абу-Сахий» базарындагы «кассадан» түшүп турган (Тилляевдин адвокаты ал учурда Абдыкадыр үй-бүлөсү базарга товар жеткиргендердин бири болгонун ырастап, бирок жогорудагыдай «касса» бар экенин четке каккан). Бирок «Абу-Сахийдин» акчасын Кыргызстанга алып өтүү оңой-олтоң иш эмес эле. Ал маалда Өзбекстан валютаны катуу көзөмөлдөп, финансылык чектөөлөрдүн айынан өлкө сыртына мыйзамдуу жол менен акча чыгаруу дээрлик мүмкүн болгон эмес.

«Андыктан акчаны кара жол менен өткөрүп, Кыргызстанга алып чыгат. Анан Кыргызстандын банкы аркылуу “актап” туруп, башка мамлекетке которуп, кайра башка мамлекеттен Кыргызстанга келген акчалар да бар да», — деп билдирген Саймаити.

Анын айтымында, жүк ташуучу машинелер Кыргызстанга киргенден кийин нак акчаны Абдукадырлардын Кашкар-Кыштактагы кампасына жеткирип турушкан.

«Кашкар-Кыштактан мага акчаны санап өткөрүп беришчү. 3-4 куралчан жигит машинеге салып, банкка алып келип тапшырып беришчү», – деген Саймаити Абдукадырга иштеген жигиттер акчаны алып санап, кирешелеп турганын айткан: «Мен акчаны кармап, саначу эмесмин».

Мына ушул жерде Саймаити «Ноогардан – Атуш» базарына Кытайдан товар «импорттоо» үчүн колдонгон ошол эле контракттар башка бир максатта пайдаланылган — документтерди банкка түшкөн акчанын булагын жаап-жашырыш үчүн колдонушкан.

“Финразведка [акча жөнүндө] сурайт да. Биз «Ноогардан-Атуш» базардыкы деп коёбуз. «Ноогардан — Атуштагы” базарда мынча акча каяктан?» десе, Кытайдан чыккан документти көрсөтөбүз. «Абу-Сахийдин» жүктөрү, башка компаниялардын жүктөрү менин фирмамдын атынан өтөт. Мына «Абдыраз» деген менин фирмам. [Банкка] бул жүктү ушул фирмага чыгардык, ушул фирмадан сатылды, ошол акчаны биз которуп атабыз, баары туура» деп документтерди көрсөтүп коёбуз»,- деген Саймаити.

Абдукадырдын акчасы Саймаитинин банк эсебине түшкөн соң андан ары бул үй-бүлө айткан жактарга которулуп турган.

Саймаити журналисттерге чечмелеп бергендей, которулган акчанын чакан бөлүгү Кытайга мыйзамдуу ишке, товар алууга жөнөтүлгөн. Акчанын калган басымдуусу Абдукадырдын үй-бүлөсүнө тийип, чет жактардагы банк эсептеринде сакталып же кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшалган.

Саймаити акчаны көбүнчө банктан которуп турган, ошондой эле аба каттамдары аркылуу Кыргызстандан накталай акча ташыган курьерлерди да колдонгон. Ал бул кадамга Абдукадырлардын буйругу менен барганын, себеби алар айрым учурда накталай акчага артыкчылык беришкенин же банк менен которуунун чыгымынан качышканын айтып берген.

Саймаити чет өлкөгө чыгарган 700 миллион АКШ долларынын баарынын документтери кабарчылардын колуна тийген жок. Бирок ал жогорудагы сумманын жарымына чукулун ырастаган документтерди, алардын ичинде накталай акчанын декларация формаларын, банк аркылуу акча которууга өтүнүч кагаздарын, банк тастыктамаларын, контракттарды берди. Бул документтерде акчаны жөнөткөн жана кабыл алган адамдар, транзакциялардын датасы, банк эсептери жана акча которулган өлкөлөр тууралуу маалыматтар камтылган.

ИЗИ ЖОК ИЛИКТӨӨ

Саймаитинин банк аркылуу акча которуусун кыргыз бийлиги байкабай койгон эмес. Кыргызстандын Финансылык чалгын кызматы билдиргендей, баш-аягы эки жолу — 2014- жана 2016-жылы ал учурда көпчүлүккө белгисиз Саймаитинин болжолдуу акчаны адалдоо операциясы тууралуу Ички иштер министрлигине жана Финансы полициясына маалымат берилген. “Азаттык” радиосунун май айында жарыяланган иликтөөсүнө чейин чоң реакция болгон эмес. Иликтөө жарыялангандын эртеси премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финансылык чалгын кызматына, Финансы полициясына жана прокурорлорго жагдайды иликтөөнү тапшырган.Финансылык чалгын кызматынын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев “Азаттык” радиосуна берген маегинде Саймаитинин “Абдыраз” аттуу компаниясынан банк аркылуу которулган акча эмне үчүн шектенүү жаратканын түшүндүрүп берген. “Бизде шек туулду”, — деп айткан Кененбаев: “Өзүнүн товар жүгүртүүсү кичине, которгон акчасы көп деп күмөн санаганбыз”.

Бирок ал Финансылык чалгын кызматы өзүнчө иликтөө жүргүзө албай турганын айткан. “Бизде андай укук жок”,-деген эле Кененбаев.

Июль айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саймаити 2631 банк которуусу аркылуу чет өлкөгө баш-аягы 647 миллион доллар жөнөткөн деген тыянакка келген. Расмий маалыматка ылайык, бул акча түрдүү максатта, анын ичинде кездеме, майлоочу майларды жана тетиктерди алып келүү үчүн жөнөтүлгөн. Аталган мамлекеттик кызмат бул транзакциялардын табияты тууралуу тыянак чыгарган эмес. Бирок Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таиров бул акчалар кадыресе ишкерчиликке байланыштуу болушу мүмкүндүгүн парламентте айткан.

Таировдун бир нече тууганы Абдукадырдын эки компаниясы менен байланышта, бизнес алакада экени белгилүү болгон. Анын иниси Искендер Таиров “AKA Petroleum”жана “Biznisnur” компанияларынын бизнес өнөктөшү болгон. Алар чогуу түптөгөн “Терек-Сай жаштары” аттуу ишкана 2014-жылдын ноябрь айында Чаткалдагы Кассан кенин иштетүү укугун 4,5 млн. долларга сатып алган.

Искендер жол кырсыгынан каза тапкандан кийин анын компаниядагы үлүшү жубайы, Таировдордун келини — Чолпон Элмуратованын энчисиине өткөн. Буга кошумча “Терек-Сай жаштарынын” башчысы Токтосун Туманбаев Таировдордун кичүү карындашына үйлөнгөнү белгилүү.

Өз маегинде Таиров бул байланыштарды ырастап, бирок бул ишканалар тууралуу эч нерсе билбестигин айткан жана алар иликтөөгө таасир этиши мүмкүн дегенди четке каккан. «Кызыкчылыктар кагылышы болбойт», — деген Таиров: «Убакыт көрсөтөт. Мен принципиальный баламын” деп сөзүн бышыктаган.

Жогорудагы акча которууну талдоо Саймаитинин өз ишмердигин арам акчаны адалдоо деп мүнөздөгөнүн бышыктап турат. Которулган акчанын көбү ири суммада жана тегеректелген сандар, көбү оффшор компанияларга жөнөтүлгөн, көбүндө акчаны алган тараптын бизнесине тиешеси болбосо да, каражат которуунун максаты “кездеме өндүрүмүн жеткирүү” деп көрсөтүлгөн.

Колдогу документтер, Саймаити айткандай, акчанын бир бөлүгү кыймылсыз мүлккө салынганын ырастайт. Чынында кээ бир “кездемеге” деп которулган акчанын документтеринде Абдукадырдын үй-бүлөсү сатып алган, Бириккен Араб Эмираттарындагы кыймылсыз мүлккө тийиштүү коддор кошо жазылып жүрөт.

Айрым акча которуу операцияларын негиздеш үчүн Саймаити керек болсо Абдукадырдын Германия менен Дубайда катталган компаниялары менен насыя келишимдерине да кол койгон. Ал кабарчыларга келишимдер жасалма болгонун айтып берген.

Саймаити менен Абдукадырдын компанияларынын ортосунда кол коюлган төрт кредиттик келишим. Чоңойтуу үчүн бул жерди басыңыз.

Саймаитинин Абдукадыр түйүнү менен байланышы бир нече жыл бою үзгүлтүксүз уланып, аягы иш берүүчүлөрү менен зомбулук жолу менен (көз каранды эмес жол менен ырастоо мүмкүн болбогон себептерден улам) кол үзүшүп, Кыргызстандан башка жакка качып баш калка издөөгө мажбур кылган.

ЖАН САКТОО АМАЛЫ

Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсү аны сатып кеткенин, алардын схемасы менен иштегени үчүн өзүн “аңкоо” деп эсептей турганын кабарчыларга айтып берген. Ал өз жетекчилери оңунан чыкпай калган иш үчүн аны жооптуу кылып коюуну көздөп келгенин “билишим керек болчу” деп кейиген.

Кабарчылар менен болгон маегинде Саймаити өзүн Стамбулга учуп кетүүгө мажбур кылган окуяны эстеп отурган. Анын айтымында, 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшкан.

«Мени кыйноонун себеби — алардын көп документтерин, көп бизнестерин, көп коррупционерлерди мен билип калдым да… Алардын которгон акчасынын документтерин баары менин колумда эле», — деп айткан Саймаити.

Саймаити ал жолу мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп кетет. Андан ары жаңы турмуш издеп Стамбулга аттанат.

Зомбулук менен тирешүүдөн башка, Саймаитинин айтымында, душмандары ага каршы мыйзамдуу жол менен бөгөт коюуга да аракеттенишкен. “Алар мени Кытайга депортациялоого аракет кылышты», — деген Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсүнө жакын адам аны “3 миллион доллар уурдап кетти” деп айыптап, негизсиз кылмыш ишин козготконун айтып берген.

Саймаитиге издөөгө жарыяланганын күбөлөгөн сүрөт. (Фото: RFE/RL)

Журналисттер Саймаитинин бул айткандарын көз каранды эркин булактар аркылуу ырастай алышкан жок. Бирок ачык булактардын маалыматына ылайык, 2017-жылдын май айында Ош соту аны камакка алууга буйрук чыгарган. Саймаитинин дайыны табылбагандыктан, кийинки аптада ага издөө салынган. Ал кезде Саймаити изин жашырып кеткен эле.

Стамбулда жашаган кезинде Саймаити өзүн көз каранды эмес оператор катары ишке салып, башка кардарлар үчүн Кыргызстандан накталай акча ташуу кызматын улантып, жеңил машинелерди ижарага берген агент ишмердигин да жүргүзүп турган.

Ушул жылдын башында Саймаити Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция тууралуу маалыматы бар адам катары кызыккан кабарчылар менен байланышка чыккан. Ал айрым алгачкы документтерди көргөзүп, бирок журналисттерден анын ысымын булак катары пайдаланбоого убада бердиртип, эгер кимдир-бирөө сураса, анын ордуна Оштон качканда калтырып кеткен документтерди таап алганын бетке кармоону сунуш кылган.

Ал ачык айткан маалыматтарды пайдалануу менен, “Азаттык” радиосу Саймаити Кыргызстандан ташып чыккан миллиондогон долларлар тууралуу алгачкы иликтөөсүн жарыялап, анын коопсуздугун камсыз кылуу максатында маалымат булагын ачык көрсөткөн эмес.

Ага карабастан, Саймаити өзү айтып бергендей, дароо эле Кыргызстанда таанымал кылмыштуу топтун лидери ага телефон чалган. Бул окуядан кийин ал Стамбулда куралдуу жансакчыларды жалдоого аргасыз болгон. Ал ошондой эле Кытайдагы жана Түркиядагы үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна байланыштуу катуу камтамачылыгын да билдирген. Ошентсе да Саймаити журналисттер менен байланышын үзбөй, улам жаңы документтерди берип турган.

Журналисттер менен Стамбулдагы акыркы жолугушуусунда ал кийинки күнү эртең менен кабарчыларга кайрадан кездешип, Матраимовдордун дарегине дагы кошумча акча которуу операциялары тууралуу далил кагаздарды көргөзүүгө макул болгон.

Ошол түнү Саймаити дагы далай ойго жетеленип, планын өзгөртсө керек. Эмнеси болсо да, ал кийинки күнкү жолугушууга келбей калып, “себебин кийинчерээк түшүндүрөм” деп телефондон кыска гана жооп кайтарган.

Кандай болгон күндө да, Саймаити анын тынчын алган маселелер акырындап басаңдайт деп үмүттөнгөн. Бир нече аптадан кийин Түркиянын жарандыгын алса, ал макам менен кошо мамлекеттик коргоого алынам деп ишенген. 14-ноябрдан кийин коопсуздугун бекемдеп, кабарчыларга Кыргызстандагы коррупцияны далилдеген документтердин акыркы бөлүгүн көргөзө алам деп ойлогон.

“Мен корккон жокмун”, — деп айткан Саймаити журналисттер менен акыркы байланышууларынын биринде. “Болгону чочулап турам”. Анан бир тынымдан кийин: “Этият болуш керек”, — деп кошумчалаган.

Саймаити кыйла этияттангандай эле болгон, бирок ал да жетиштүү болгон жок. Ал жаңы паспорт аларына беш күн калганда киши колдуу болуп жан берди. Стамбулдун чок ортосунда кечинде кафелердин биринде чай ичип отурган жеринен атып өлтүрүлдү. Полиция келип, адамдар чогулуп калганда үстөлдө артын көздөй чалкалап отуруп калган Саймаитинин колунда телефону иштеген боюнча калган эле.

Түркиянын полициясы бул кол салууга шектүү деп төрт кишини кармады. Соңку кабарларга караганда, чет өлкөдөн келген шектүүлөр азырынча Саймаитини ортодогу аласа-береселеринен улам жазалоону көздөгөн тараптан акча алып ушундай кылмышка барышканын айтып беришти.

Ошентип, бул иликтөө анын анын акыркы сөзү болмокчу.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>