Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
2024-жылга ажылык сапарга каттоо башталат
25.10.2023 | 13:39
2024-жылга Меккеге барууга камынган зыяратчыларды 9-ноябрдан 21-ноябрга чейин каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.
Эгер 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
Өткөн жылы катталган талапкерлер 21-ноябрга чейин кошумча дагы 1 миң долларды банкка төгүүсү керек. Алгачкы төлөмдү толук төлөй албагандар электрондук тизмеден чыгарылат.
Ажылыкка катталуу үчүн талаптар:
- 2024-жылы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт;
- ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2 миң доллар РСК банкына (ажылык-2024 счётуна)төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы зарыл;
- ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөнгөн миң сом квитациясынын түп нускасы керек;
- ички менен жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү (паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрьайына чейин болуусу зарыл);
- аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт;
- 3×4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт;
- 2023-жылы ноябрь айында алынган №086у формасындагы медициналык справка;
- персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу;
- ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом