Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
24-июнь: Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус аныкталып, 28 бейтап айыкты
24.06.2020 | 10:03
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 207 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 92;
Чүй облусу – 35;
Ош ш. – 43;
Ош облусу – 28;
Нарын облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Талас облусу – 1.
24-июнга карата өлкөдө жалпы 3 миң 726 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны – 28 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 82 бейтап айыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом