Кыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдөБишкекте BMW бурулуп жаткан минивэн менен кагышты. Скутер кайдан пайда болду?Токтогулда заманбап мал соючу жай курулуудаБШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 458ге жеттиНурзат Нуртаева жаштар арасында дүйнө чемпиону болду24-октябрдын аба ырайы: Өлкөдө күн ачык жана булуттуу болот
Абактагы Атай Бейшенбек Садыр Жапаровго кайрылды
20.12.2022 | 23:22
Кемпир-Абад маселеси боюнча камалып, абакта жаткан жарандык активист Атай Бейшенбек уулу президент Садыр Жапаровго Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылды.
Ал өзүнүн адвокаты аркылуу кат жазып, аны адвокаты Фейсбуктагы баракчасына жазып жатат. Кайрылуусунда үч маселеге токтолуп кеткен.
“Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад иши боюнча берген маегинен кийин , үч маселеге токтолоюн :
1) Курултайда дагы , 17–декабрда дагы маекте Садыр Жапаров:
«Мен аларды кыйнап, колдорунан жетелеп барып ошол жыйынга (Casa Italia ) катыштырыптырмынбы!»-деди.
А катышпагандарчы , алтургай, комитет мүчөсү болбогон мени эмне камадынар?
2) Маегиңизде биздин бир катабыз – башынан ачык талкуу кылбаганыбыз деп моюнга алыпсыз , ырахмат!
Мен дал ошол талапта башынан туруп, бийлик өткөргөн жашыруун жыйындарга катышкан эмесмин! Элге ачык айткыла дегеним үчүн камадыңар!
3) Соттук териштирүүлөрдү эми жабык кылып , же ММКлардын катышуусун чектебей УТРКдан түз алып бериңиздер, эл көрсүн, талдасын!
Баары ачык болсун, жашырбагыла!”– деген.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.
24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.
Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат