Абылгазиев УКМКдан суракка чакыртма ала элек

Абылгазиев УКМКдан суракка чакыртма ала элек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдиргенин “Кабар” агенттиги жазып чыкты. 

Султаналиевдин айтымында, Абылгазиев азырынча «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүнүн алкагында келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө органдарына суракка чакыртма ала элек.

«Өкмөт башчы башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан талап кылат. Албетте, Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болгон шартта тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр», — деген ал.

21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Иликтөөдө айтылган айрым фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөнүн жана иликтөөгө катыштыгы бар адамдардын бардыгы суракка чакырыларын УКМК буга чеийн билдирген эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>