Адвокат: Жапаровго уулунун тажыясына катышууга уруксат бериле элек

Адвокат: Жапаровго уулунун тажыясына катышууга уруксат бериле элек

Экс-депутат Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат бериле элек.Бул тууралуу Репортер агенттигине анын адвокаты Шерабидин Токтосунов билдирди.

“Айрым сайттар туура эмес түшүнүп алып жазып жатышат, бирок расмий уруксат бериле элек. Биз кечээ уруксат сурап, президенттин атына жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына өтүнүч кат жибергенбиз”, — деди ал.

Ал эми Жаза аткаруу амлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова өтүнүч кат келип түшкөнүн ырастады.

“Кат кечинде келиптир. Бүгүн каралат. Мурдагы мыйзам боюнча соттолуучу кайсы абакта жаза өтөп жаткан болсо ошол абактын башчысынын уруксаты менен чыгарылчуу. Азыркы мыйзам боюнча кандай болуп калды билбейим”, — дейт Сабатарова.

Кечээ  ушул маселе менен президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага байланышканыбызда ал, «уруксат берүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы чечет» деп жооп берген. 

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта Түп районунда болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>