Айдарбеков президентке: Бүгүнкү кошоматчылар – эртеңки саткындар

Айдарбеков президентке: Бүгүнкү кошоматчылар – эртеңки саткындар

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 18-октябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушканын билдирди.

Айдарбеков сөз башында аталган комитеттин төрагасы катары кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча комитеттин чечимине эмнеге кол койбогонун түшүндүрүп, бул маселе боюнча кызматын тапшырышы керектигин айткан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына жооп берди. Ошол эле учурда ал төрагалыктан кетүүгө даяр экенин ачыктады.

Ошондой эле ал президент менен жолугушканы тууралуу көз кылды.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич кечээ (18-октябрь – ред.) сиз менен жолушугуп, пикир алмаштык. Диалогго дайым даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болсо да бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар – эртең саткындар», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок ал чечимге комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен анын орун басарлары кол койгон эмес. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов Айдарбековду сындап, төрагалыктан кетиши керектигин айтып чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>