Айсулуу Тыныбекова сыяктуу бир катар спортчуларга батирлер убактылуу гана берилген — видео

Айсулуу Тыныбекова сыяктуу бир катар спортчуларга батирлер убактылуу гана берилген — видео

Дүйнө чемипону Айсулуу Тыныбекова өңдүү спорт жана маданият тармагындагы белгилүү адамдарга батирлер убактылуу берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-марттагы жалпы жыйынында айтылды.

Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, мамлекет белгилүү адамдарга үйдү «белекке бердик» деп айтканы менен мыйзам боюнча ал үйлөр “кызматтык үй” катары катталган. 

“Эгер үйдү алгандар каза болуп калса мамлекет үйдү өзүнө алат экен. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык,  үй белекке берилген адамдарга биротоло өтүүгө тийиш”, — деди Дастан Бекешев.

“Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоордун демилгечилери Дастан Бекешовдон башка дагы 17 депутат.

Белгилей кетсеке, эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргогон спортчулар Данияр Көбөнов, Евгений Ваккер, Каныбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев, Александр Пароль, Канат Бегалиевге, Руслан Түмөнбаев, Айсулуу Тыныбекова жана машыктуруучу Эмил Алыкулов ж.б  адамдарга мамлекет тарабынан үй берилген.

Мамлекет ушундай эле үйлөрдү маданиятка эмгек сиңирген бир катар адамдарга дагы берген.


Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>