Сасык тумоодон Бишкекте 8 мектеп онлайн окутууга өттү

Сасык тумоодон Бишкекте 8 мектеп онлайн окутууга өттү

Борбор калаада курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте балдардын мектепке баруусун текшерди. Жалпысынан 50 мектеп изилденген.

Алсак, №6, 60, 28,54,59,72,95,103 мектептерине санитардык нускамалар даярдалды. Бүгүнкү күндө окуучулардын 20%ы мектепке барбай жатат.

Эске салсак, мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлери арасында КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл башынан бери өткөн жылдын ушул мезгилине чейин 78 миң 368 курч респиратордук вирустук инфекциялардын 78 миң 656 учуру катталган.

  • “Урматтуу жарандар! Сураныч, сактык чараларын көргүлө — беткап тагынгыла жана вирустук инфекцияга кичине эле шектенүү менен балдарды мектепке жана бала бакчага жибербегиле”- деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>