Акылбек Жапаров отставкага кетиши керек, — депутат

Акылбек Жапаров отставкага кетиши керек, — депутат

Министрлер кабинети тарабынан дайындалган министрлер пара менен кармалып, камакка алынып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы да жооп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда Министрлер кабинетинин башчысы жооп бериши керек же болбосо кызматтан кетиши керек.

«Кумтөрдү» башкарган ошол эле Теңиз Бөлтүрүктү дагы Акылбек Жапаров сунуштаган, анын татыктуу экенин айтып, ал үчүн жооп берем деп алып келген. Азыр элге ашыкча маалымат айтпасын деп, камакта кармап отурушат», — деди Түмөнбаев.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алууга байланыштуу кармалганын билдирген.

Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан 13-сентябрда Теңгиз Бөлтүрүк кармалган. Ал 10-ноябрга чейин камакта калтырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>