Ала качуу, тил, малга салык. Талкуу жараткан мыйзам долбоорлор

Ала качуу, тил, малга салык. Талкуу жараткан мыйзам долбоорлор

29-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарынын экинчи сессиядагы иши жыйынтыктап, каникулга тарады. Reporter.kg экинчи сессияда депутаттар тарабынан сунушталып, кабыл алынган жана коомчулукта талкуу жараткан мыйзам долбоорлорун топтоду.

«Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам

Жогорку Кеңеш быйыл 31-майда Кыргызстандын мамлекеттик тили (кыргыз тили) тууралуу мыйзамды кабыл алды. Аталган мыйзам коомчулук тарабынан кызуу талкууланып, «ал  кыргыз тилинин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт» деген пикирлерин айткандар, «мыйзамдын кабыл алынышы орус тилинде сүйлөгөн жарандардын укугун чектейт» деп сын айткандар болду.

Мыйзам долбоорунда кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтан алынары каралган. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө «Кыргыз тесттен» өтүшү керек болот. Алардын мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат — А1, А2, В1, B2, С1. Тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер токтомдун талабы менен жумуштан бошотулат.

Бул боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлиги да үн катып, мыйзам кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн экенин билдирген.

Ала качкан адамдарды жазалоо

Депутат Динара Ашимова тарабынан “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Анын ичинде кыз макул болсо да аны ала качкан адамды жазалоо каралган. Мыйзам долбоору былтыр ноябрь айында коомдук талкууга чыгарылган.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, бул мыйзам долбоору сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга комплекстүү жардам берүү, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо максатында иштелип чыккан.

Маселен, Кыргызстанда кызды ала качып кетип, ага ата-энеси же ала качкан адамдар тараптан кысым болуп, турмуш курууга макул болгон учурлар кездешет. «Тараптар элдешти» деген негизде кылмыш иши милиция же сот тарабынан жабылып, ала качкан адам жазасыз калат. Мындан улам мыйзам долбоорунда, эгерде кыз менен жигиттин ортосунда салтты сактап, «ала качуу» тууралуу келишим бар болсо да, кыз никеге турууга макул болсо да, кызды ала качкан  жигит милдеттүү түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш деген норма киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кызды ала качып (уурдап) кетип, андан кийин өлтүргөн окуялар болгон.

Мас айдоочуларга жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда айрым жол эрежелер боюнча жазаны күчөткөн мыйзам долбоору 2022-жылдын 29-декабрында кабыл алынган. Мыйзамга президент кол коюп, ал быйыл 8-мартта күчүнө кирди.

Мыйзамга ылайык, мас айдоочуларга карата жаза күчөтүлдү. Мурда айдоочу мас абалда болуп кармалса, 17,5 миң сом айып пул салынчу же коомдук иштерге тартылчу. Эми аларга айып пул салынбайт, бирок бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Эгерде бул эреже бузуу кайталанса, ага карата жаза дагы катаалдаштырылат.

Кийинчерээк депутат Марлен Маматалиев жаңы жол эрежелериндеги жазаны жеңилдетүүнү сунуштап, “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген.

Мугалимдерди мазактагандар жазаланат

Бул мыйзам долбоору дагы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Себеби, башында депутаттар мугалимдерге акарат айткан окуучунун (12-16 жаш арасындагы) ата-энесине 2 миң сом айып пул салууну демилгелеп, эгер аталган учур кайталанган кезде, 5 миң сом айып салууну же 3 күндөн 5 күнгө чейин камакка алууну сунушташкан.

Бирок бир топ талаш-тартыштан кийин ал нормалар алынып, ага өзгөтүүлөр киргизилген. Ага ылайык, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан мугалимге карата сөгүнгөндөр, мазактагандар, адепсиз жаңсоолорду көрсөткө адамдарга 1 миң сом айып пул салынат. Ошондой эле, жогоруда аталган аракеттерди жасаган он алты жашка чейинки курактагы баланын ата-энесине тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилет. Мыйзам быйыл 15-февралда күчүнө кирген.

Жеңишбек Токторбаевдин мыйзам долбоорлору

Депутат Жеңишбек Токторбаев тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлор дагы коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Эл өкүлү экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратуу, мал-жандыкка салык салуу, мурда соттолгондорду мамлекеттик кызматка келтирбөө, соттордун пенсиясына кошулуп берилген үстөк төлөмүн алып салуу тууралуу мыйзам долбоорлорун сунуштады. Алардын айрымдары парламентте каралып, четке кагылды.

Токторбаевдин мал-жандыкка салык салуу тууралуу демилгеси эл арасында уу-дуу жаратып, ал боюнча президент Садыр Жапаров да өз оюн билдирген. Анда президент мал-жандыкка салык салууга каршы экенин айткан.

Сунушталган мыйзам долбоорго ылайык, 40 кой, 3 бодо мал жана 2 жылкыдан көп мал кармаган жарандардын мал-жандык үчүн салык төлөөсү каралган. Алар жылына бир жолу 1 кой (эчки) үчүн 100 сом, 1 бодо мал үчүн 250 жана 1 баш жылкы үчүн да 250 сом төлөшү керек болот.

Мал-жандык үчүн салык төлөгөндөр жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулары, чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөрү белгиленген. Бул мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууда.

Мындан тышкары, Токторбаев сотторду пенсиясына кошулуп берилген үстөк төлөмдү алып салууну караштырган мыйзам долбоорун сунуштаган.

Депутаттын айтымында, айрым соттор 129 миң сомго чейин пенсия алат. Анын ичинен 65 миң сому пенсияга кошумча үстөк болуп саналат. Ал эми, эң аз пенсия 21,5 миң сом болсо, үстөк акы катары дагы 13,5 миң сом берилет. Депутаттын пикиринде, соттордун алган пенсиясынын өзү эле жетиштүү болгондуктан, үстөк акыны алып салуу керек.

Ошондой эле, ал 25 жылдан ашык стажы бар соттор пенсияга чыгып жатканда мамлекет аларга бир жолу 20 млн сомго чейин акча төлөп берерин айтып, аны да кыскартууну сунуштаган. Бирок анын демилгеси кесиптештери тарабынан колдоо тапкан жок.

Мындан тышкары, Токторбаев бир нече кесиптеши менен бирге коррупция жана башка кылмыштар боюнча соттолгондор президент, Жогорку Кеңештин депутаты, төрагасы, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албайт деген мыйзам долбоорун сунуштаган. Мыйзам долбоор парламенттик жыйында каралып, бирок ал дагы четке кагылды.

Каза болгон прокурорлорго кенемте төлөө

Кызмат учурунда каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемте азайтылды. Белгилүү болгондой, мындан мурдаарак иш учурунда каза болгон прокурорлорго 21 млн сомго чейин кенемте төлөнөрү белгилүү болгон. Бул маселе коомчулукта талкуу жаратып, көптөр сын пикирин айтышкан. Ага байланыштуу президент мыйзамдагы норманы кайра карап чыгууну тапшырган. Андан кийин тишелеүү өзгөртүүлөр каралган мыйзам долбоору даярдалып, 29-июнда парламент тарабынан жактырылган.

Ага ылайык, прокурор иш учурунда каза болсо, анын үй-бүлөсүнө 20 айлык (мурда 20 жыл каралган) маянасы өлчөмүндө кенемте төлөнөт. Ал болжол менен 1,5 млн сомду түзөт.

Мүлкүн ачыктагандар жоопко тартылбайт

Экинчи сессияда Жогорку Кеңеш байлыгын, мүлкүн жашырып жүргөн жарандарга аны ачыктап, мыйзамдаштырып алууга мүмкүндүк жараткан мыйзамды 4-майда кабыл алып, кийин президент Жапаров кол койду.

Мыйзамга ылайык, жарандар көмүскөдө катып жүргөн байлыгын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазага тартылуудан бошотулат. Алар болгону ачыктаган кирешесинин аз бөлүгүн мамлекеттке төгүп бериши керек болот.

Бул мыйзам коомчулукта талаш жаратып, активисттер жана айрым эл өкүлдөрү да бул мыйзам мамлекетти тоноп байыган адамдарга кирешесин мыйзамдаштырып алууга мүмкүндүк берерин айтып сындашкан.

Каржы пирамидасын жарнамалагандар

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо тууралуу мыйзам кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлду.

Мыйзамга ылайык, каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Башында мыйзам долбоорунда каржы пирамидаларын жарнамалагандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, аны менен бирге айып пул салуу сунушталган. Бирок ал кийинчерээк өзгөртүү-толуктоолор менен кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда өткөн жылдары каржы пирамидасына алданып калган жарандар көп болгон. Алардын көптөрү каржы пирамидасын жарнамалаган таанымал адамдардын сөзүнө ишенип, алданып калганын айтышкан. Бирок мыйзамда тиешелүү норма болбогондуктан, жарнама кылган адамдар жоопко тартылган эмес. Эми алар үчүн да мыйзам чегинде жаза каралды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>