Ысык-Көлдө алтын сертификат алган 5 бүтүрүүчүгө белек берилди

Ысык-Көлдө алтын сертификат алган 5 бүтүрүүчүгө белек берилди

Бүгүн, 8-июлда Ысык-Көл облусунда алтын сертификатка ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов сыйлыктарды тапшырды.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, облус жетекчиси А.Сулайманов бүтүрүүчүлөргө планшеттерди жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый даректүү баян китебин тапшырып, келечек ээлерине ийгиликтерди каалады.

ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр:

-Азамат Саламатов, 225 балл – Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы К.Карасаев атындагы балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;

-Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

-Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

-Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

-Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>