Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагына башкы директор болду

Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагына башкы директор болду

Журналист Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу журналист өзү Facebook баракчасына жазды.

“Мен бул кызматты бер деп жулунган жокмун. Буйрук чыгып жатканда да барбай эле койбоюнбу деген сөз болду. 10 адам чуркаптыр бул орунга. Көбүнүн ою жаман экенин атайын кызматтардын маалыматы аркылуу билген Садыр Жапаровдун мени дайындоосу жеке чечими болду. Эртең мамлекет инвесторлорду алып келип жатса, биздеги коррупционерлер мурдагыдай шапкасын сурап качырып турса, кайдагы экономикалык өсүү, кайдагы инвестиция. Ошол себептен, өзү ишенген адамды коюп жатканы — бул өлкөнүн келечегин ойлогон патриоттук кадам”, – деп жазган ал.

Кудрет Тайчабаровдун СЭЗ «Бишкекке» директор болуп дайындалышы боюнча Өкмөт расмий маалымат тарата элек.  Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бактыбек Рысалиев бир аздан кийин маалыматты тактап берерин убадалады.

СЭЗ «Бишкектин» мурдагы директору Дүйшөн Ирсалиев октябрь айынын соңунда кызматтан алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>