Швейцария Кыргызстанга төрт жүк ташуучу унаа берди

Швейцария Кыргызстанга төрт жүк ташуучу унаа берди

Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ӨКМге эки заманбап өндүрүш линиясы жана төрт жүк ташуучу унаа берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул долбоордун жардамы менен ӨКМ габион торчолорун кол менен өндүрүүдөн автоматташтырылган жергиликтүү өндүрүүгө өттү. Эки цехте габион торчолорун керектүү санда чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралып, өндүрүштүн көлөмү төрт эсеге өсөт.

Жүк ташуучу унаалар керектүү габион торчолорун өлкөнүн алыскы аймактарына өз убагында жеткирип, өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүүдө жеткирүү убактысын кыскартат. Мындан тышкары, табигый кырсыктарды көзөмөлдөө жана алдын ала эскертүү тутумдарынын маалымат технологияларынын инфратүзүмү жакшыртылды.

Бул салым ӨКМдин аялуу калктын жашоо-тиричилигин коргоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнүн азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтат.

«Биз ӨКМге климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин алдын алуу жана азайтууда, ошондой эле кургакчылык, жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктарды системалык ыкма аркылуу башкарууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканыбызга сыймыктанабыз», — деди Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов автоматташтырылган системаны жана сапатты камсыздоо процесстерин киргизүү менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде иштеген цехтер өлкөгө габион торчолорун керектүү санда чыгарууга мүмкүнчүлүк берерин айтты.

“Буга чейин габион торчолорунун көпчүлүгү чет өлкөдөн алынып келинген. Өндүрүлгөн габион торчолору тоолордун боорлорун бекемдөө, дарыянын жээктерин коргоо жана башка кырсыктардын алдын алуу үчүн колдонулат» – деди Азамат Мамбетов.

2023-жылдын январында Швейцария өкмөтү тарабынан БУУ ДАТПнын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине элет жериндеги калктын аялуу катмарынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган компонентине 9,2 млн. АКШ доллары бөлүнгөн.

Бул иш-чараны БУУ ДАТП Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда. Иш-чаралар Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарын камтып, 250 000 эң аялуу үй-бүлөгө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге багытталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>