Бишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат
Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды энелик укуктан ажыратуу сунушталды
04.12.2023 | 11:37
Прокуратура Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз жөнөттү. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынан билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга аял киши 2 кичинекей баласын сабап жатканы тартылган видео тараган. Кийин бул окуя боюнча 21 жаштагы С.Д. аттуу келин кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.
Кийин эгиз кыздар өз атасына өткөрүлүп берилгени кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом