Аскердик тик учактын кулашы: Тергөө башталып, бир нече жетекчи кызматтан четтетилди

Аскердик тик учактын кулашы: Тергөө башталып, бир нече жетекчи кызматтан четтетилди

Бишкектин четинде аскердик тик учактын кулаганы боюнча тергөө иштери башталып, Абадан коргонуу күчтөрүнүн бир нече жетекчиси кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Коргоо министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн 17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган. Тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болгон. Учурда жабыркагандар ооруканада жатат.

«Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдарына карата чара көрүлдү», — деп билдиришти министрликтен.

Ошол эле учурда министрлик кимдер кызматтан четтетилгени жана кайсы кызматты ээлегени тууралуу маалыматты бере албай турганын билдирди.

Кулаган тик учактын сүрөтү «Акипресс» сайтынан алынды

Аскердик тик учактын кулашы: Министрлик жабыркагандардын абалы тууралуу айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>