Алымкадыр Бейшеналиев фармацевтика бизнесине каршы күрөш баштады (видео)

Алымкадыр Бейшеналиев фармацевтика бизнесине каршы күрөш баштады (видео)

Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтика бизнесине каршы күрөш баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү дарыканалардын көпчүлүгү мурдагы жана азыркы аткаминерлерге тиешелүү.

“5 мурдагы саламаттыкты сактоо министри жана 4 башка тармактагы министрдин дарыканалары бар экен. Чоң күрөш башталды. Алар эми 33 жылдан бери келе жаткан бизнесин оңой жол менен берип коюшпайт да”, — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр мамлекеттик  “Эл Аман” дарыканаларында дарылар бир топ арзан болуп жатканын белгиледи.

“Андагы дарылардын түрү 2 миңге жетип калды. Арзан болгондуктан менчик дарыканалар дагы бизден алып жатышат. Мен ага тоскоолдук кылган жокмун”, — дейт министр.

Алымкадыр Бейшешалиев президент Садыр Жапаров эки айдын ичинде “Эл Аман” дарыканаларын бардык аймактарда ачып, ооруканаларды бекер жана арзан дары-дармек менен камсыз кылуу тапшырмасын бергенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>