Баткенде сатып алган унаасынын акчасын бербей жүргөн адам кармалды

Баткенде сатып алган унаасынын акчасын бербей жүргөн адам кармалды

Баткендин Лейлек районунда сатып алган унаасынын акчасын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, милицияга Андарак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анын унаасын сатып алган адам 2023-жылдын 18-мартынан бери акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча дагы бир арыз түшкөнү белгилүү болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Милиция ал менен байланышка чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кармаган.

Шектүү катары кармалган 28 жаштагы М.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>