Ат-Башыда эл логистикалык борбордун иштешине дагы деле каршы болушууда

Ат-Башыда эл логистикалык борбордун иштешине дагы деле каршы болушууда

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу  митинг кечээ, 6-февралда дагы болуп өттү. Активисттер акция башталганда түшкө маал ал жерде 500дөй адам чогулуп турганын айтышкан.

Митингге катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү долбоорду кытай инвестору ишке ашырса кыргыз тарап үчүн эч кандай коркунуч болбой турганын белгилешкен.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, социалдык тармактардагы 20-30 киши элдин баарын дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо» деп 5-февралда билдирген. Митингде сүйлөгөндөрдүн айрымдары анын бул сөзүнө нааразылыгын билдиришти.

Жыл башынан бери Нарында жаңы курулушка каршы бир нече жыйын, митинг өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>