Атаханов Батукаевди бошотуунун артында Атамбаев менен Кадыров турганын айтты

Атаханов Батукаевди бошотуунун артында Атамбаев менен Кадыров турганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Шамил Атахановдун Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы берген көрсөтмөсү интернетке жарыяланды. Сурак учурунда Атаханов Жаныш Бакиевди кармоо жана аны экстрадициялоо үчүн чечен тарап менен келишим болгонун, ага ылайык Батукаев өлкөдөн чыгарылганын ырастап, чуулгандуу иштин чоо-жайын айтып берген.

Сурак протоколунда жазылгандай, Атаханов УКМКнын төрагалыгына дайындалгандан 2-3 ай өткөн соң Атамбаев ага Жаныш Бакиевди кармап келүү операциясы тууралуу айтып, операцияны ишке ашыруунун мыйзамдуу жолдору аяктаганын билдерген. Бирок Атаханов УКМК өз күчү менен ишке ашыра турган операцияга акча бөлүү сунушун киргизген. Бирок сунуш көпкө чейин каралган эмес.

[su_quote]“Бир аз убакыт өткөн соң менин кабылдоомо “Огонек” журналынын кабарчысы Алимжан Мирзоев жазылды. Ал мага чечен лидери Рамзан Кадыровдун ишенимдүү адамы, Госдуманын депутаты Адам Делимхановдун мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин оорусу боюнча мени менен жолугушуу ниети бар экенин айтты. Мен бул сүйлөшүү боюнча президент Атамбаевге баяндадым жана Делимханов менен жолугууга уруксат сурадым.[/su_quote]
Атамбаев жолугушууга уруксат берген соң Делимханов Бишкекке жеке учак менен келген. Сүйлөшүү учактын бортунда өткөн. Жолугушууда чечен саясатчысы Батукаевдин айыккыс ооруга чалдыкканын, аны мыйзамдуу жол менен абактан чыгарып, Чеченстанга экстрадициялоо керек экенин баса белгилеген.

[su_quote]Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бул маселени чечүүнүн бир жолу пайда болду. Мен ага эгер Жаныш Бакиевди кармап берсеңиз Батукаевди бошотуу маселесин кароого болорун айттым.[/su_quote]

Делимханов бул маселени ишке ашыруу үчүн  өз адамдары менен келишип көрүү керек экенин билдирген. Бир аз убакыт өткөн соң ал  Атахановго телефон чалып, “алар Бакиевди Кыргызстанга  тапшыра алышат” деген.

[su_quote]Мен бул тууралуу президент Атамбаевге малымат берип, ага кол коюлбаган түшүндүрмө жазып жибердим. Анда Батукаевдин ден соолугу жана анын Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндөгү орду баяндалган. Тагырагы Батукаев менен Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ортосундагы абалдын чыңалып турганы айтылган.[/su_quote]

Сурак протоколунда жазылып тургандай, Атаханов андан ары буларды айткан. 

[su_quote]“Батукавдин таасири күчөдү. Көлбаев экөөнүн ортосундагы жаңжалга байланыштуу мен Батукаевди Чеченстанга жиберүүгө макулмун” деп президент бул операцияны ишке ашырууга  макулдугун берди. Мен чечен тараптын бул келишимди ишке ашыруусуна күмөн санарымды Делимхановго билдирдим. Аз убакыт өткөн соң Делимханов мага Рамзан Кадыров Атамбаев менен сүйлөшүүгө жана өз милдеттерин ашке ашырууга даяр экенин айтты.[/su_quote]

Андан соң Атаханов эки тараптын келишими боюнча президент Атамбаевден Батукаевди бошотуу жана Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча оозеки буйрук алат.

[su_quote]Мени 2012-жылдын ноябрь айында УКМКнын төрагалыгынан бошотулгандан кийин айрым маселелер боюнча байланышта болуп турдум. Ачыгын айтсам, мага Зарылбек Рысалиев кайсы бир маселе боюнча кылчактап жатканын айтышты. Мен анда ИИМди жетектеп тургам. Атамбаевке кирдим да Рысалиев менен мамилем жакшы эмес экенин, мен аны менен бул маселени талкуулай албашымды билдирдим.[/su_quote]

Ошондон кийин Атамбаев бул ишти Бусурманкул Табалдиевге тапшырганын айткан. Ал кезде Табалдиев Президенттик аппаратта Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган.

Атакановдун айтымында, Табалдиев (2013-ж) УКМКнын төрагасы болгон соң ага телефон чалып, чечен тарап эмне үчүн өз милдеттерин аткарбай жатканын сураган.

Ошондой эле Делимхановго да байланышка чыккан. Ал бул маселе боюнча колдон келген аракетерди жасаганын, бирок Кыргызстандан кандайдыр бир маалымат чыгып кеткен соң Жаныш Бакиев Бириккен Араб Эмираттарына из жашырганын айткан. Бирок чечен тарап  Бакиевдин кыймылын көзөмөлдөп турушканын, ал кайтары менен операция ишке ашарын убадалаган. Ошондон кийин Атаханов Делимхановдун байланыш номерлерин Табалдиевке тапшырып, мындан ары бул иш менен УКМКнын төрагасы Табалдиев алек болорун айткан.

Атахановдун айтымында чечен тараптын Жаныш Бакиевди кармап берери тууралуу маалыматтын чыгып кетишине Феликс Кулов себепчи болгон.

[su_quote]Ошондон кийин мен эмне болгонун билбедим… ЖМКда жазылгандай, бул иште менде эч кандай материалдык кызыкчылык болгон эмес. Атамбаев да маалымат берген эмес.[/su_quote]

Атаханов мурда Батукаевдин айыккыс ооруга чалдыкканы тууралуу айтканын, бирок сурак учурунда анын оорусу түрмөдөн бошотууга негиз боло турган абалда болбогонун сурак учурунда белгилеп өткөн.

Ошондой эле ал өкмөт аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Марат Бекеновго бул атайын операция болгондуктан Батукаевди бошотуу боюнча жүйөлүү себеп табууну тапшырган.

Андан ары Шамил Атаханов ИИМди жетектеп турганда Батукаевди бошотуу операциясына катышпагандыгын түшүндүрүп өткөн.

[su_quote]Бул ишке бир катар мамлекеттик органдар  катышкан. ЖАМК, атайын прокурор, Саламаттык сактоо министри жана судья. Алардын көбү Рысалиев башкарган ЖАМКнын кызматкерлери болгон.[/su_quote]

Маалыматтарга караганда, Шамил Атаханов Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы август айында көрсөтмө берген.

[su_image_carousel source=»media: 13990,13989,13988,13987″ limit=»36″ crop=»none»]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>