Кыргызстандын бийлиги Moody’s агенттиги менен республиканын кредиттик рейтингин жогорулатууну талкууладыЭмне үчүн жаштар тарыхты башкача кабыл алышат? КУУнун деканынын түшүндүрмөсүПрезидент айрым тарифтерди жана мамлекеттик кызматтардын баасын жогорулатууга бир жылга тыюу салдыАйрым жерлерде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт: 11-июлга карата аба ырайынын божомолуАскат Алагозов Бишкекте 1-сентябрь эмне үчүн эс алуу күнү деп жарыяланганын түшүндүрдүКыргызстанда кошумча эс алуу күндөрү киргизилиши мүмкүн — президенттин жарлыгы
Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат
28.02.2020 | 10:29
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта баштала турган Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
“Атамбаев сотко катышуу тууралуу ниетин билдирип, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болорун айтты”, – деп жазган Жолдубаева.
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча тергелип бүткөн иш менен таанышкан соң, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөргөн. Райондук сот алгачкы отурумду 2-мартка белгилеген.
Бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган, Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамга расмий айып коюлган.