«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бериштиОмар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда жыл башынан бери миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдүАсыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берилетБишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалдыЫсык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды
Дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Максат Ахматов табылды
23.01.2024 | 19:35
Буга чейин дайынсыз болуп жаткан 2012-жылы туулган Максат Ахматов табылды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
22-январда Максаттын апасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү баласы Дордой-1 жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Аталган факт Свердлов РИИБге катталып, жашы жете элек баланын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө-иликтөө иш-чаралары башталган.
Максат ошол эле күнү кечинде Аламүдүн районунан табылган. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар