Бакыт Төрөбаев Т&T Airports түрк компаниясы менен жолукту

Бакыт Төрөбаев Т&T Airports түрк компаниясы менен жолукту

Түркиянын Т&T Airports курулуш компаниясынын жетекчилиги министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугушту.

Анда курулуш, авиация, социалдык объекттерди жана жолдорду куруу боюнча сүйлөшүү жүргөндүгү маалымдалат.

Түрк компаниясы менен Минкаб ортодо жумушчу топ түзүп, жолугушууда сунушталган долбоорду карап чыкмай болду.

Жолугушууга “Манас” аэропортунун жетекчиси Манас Самидинов дагы катышкан.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети “Манас” аэропортун өнүктүрүү үчүн инвестор издеп жатканын жарыялаган.

Жыл башында «Манас» жана «Ош» аэропортторун YDA INSAAT компаниясына 39 жылга башкарууга бермекчи болгон. Акылбек Жапаров июль айында түрк ишкерлеринин талаптары Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербегендиктен бийлик алар менен иштешүүдөн баш тартканын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өкмөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>