Кемпир-Абад иши: Карасартова менен Сасыкбаева камакта калды

Кемпир-Абад иши: Карасартова менен Сасыкбаева камакта калды

Бүгүн, 17-февралда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасы каралды.

Райондук соттун чечимине ылайык, алар 20-апрелге чейин №1 тергөө абагында камакта калтырылды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус АбыловПеризат Суранова жана Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>