Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Башкы прокурордун мурдагы орун басары Таластын башчысы болду
04.03.2023 | 11:42
Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бидирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Нурлан Дарданов Таластын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында 1975-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Нурлан Дарданов – прокуратура тармагында иштеген адам. Ал 2018-жылдын 30-майында башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалып, 2020-жылдын 11-ноябрында Садыр Жапаров аны кызматтан алган.
Эскерте кетсек, президенттин дагы бир жарлыгы менен Бакытбек Нарбеков президенттин Таластагы өкүлү кызматынан бошотулгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом