Мейманканадагы чыр: Топ балдар сабаган эки жигит ооруканага түштү

Мейманканадагы чыр: Топ балдар сабаган эки жигит ооруканага түштү

Жалал-Абаддагы мейманкада тополоң салып, 2 жигитти сабап, унаа талкалаган дагы бир шектүү кармалды. Ошондой эле дагы 3 жаран милицияга жеткирилип, суракка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрга караган түнү болжол менен саа 03:40та «102» кызматына Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринин алдында топ балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барып, далил буюмдар алынып, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлө баштаган.

Окуядан кийин 20 жана 21 жаштагы балдар облустук ооруканага жаткырылган.

10-ноябрда милицияга 53 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей,10-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан мейманканасына бейтааныш балдар келип тополоң салып, бөлмөсүнүн эшигин, ичиндеги буюмдарын талкалап салган.

Андан тышкары милицияга 55 жаштагы КЗ. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 10-ноябрына караган түнү Жалал-Абад шаарындагы мейманкананын короосунда 20 жаштагы уулун жана анын досун белгисиз балдар уруп-сабаганын жана уулуна таандык Honda Jazz унаасын талкалап салышканын билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Буга чейин ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы И.С., Т.Э., 20 жаштагы З.Р. жана 19 жаштагы К.Б. аттуу 4 тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 15-ноябрда каралат.

14-ноябрда аталган окуяга байланыштуу бешинчи шектүү – 19 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бешинчи шектүү, 19 жаштагы С.А.

Дагы 3 жигит милицияга жеткирилип, суракка алынган.

Милицияга жеткирилип, суракка алынган 3 бала

Милициядан белгилешкендей, дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголгон берене өзгөрөт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалал-Абаддагы массалык мушташка катышкан 4 жаш жигит кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>