Ошто 8 косметологиялык салондун кызматкерлерине айып салынды

Ошто 8 косметологиялык салондун кызматкерлерине айып салынды

Ош шаарында бир катар сулуулук салондор текшерилди, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык — гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү.

“Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, жумушун токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып, чара көрүү үчүн ички иштер башкармалыгына кызматтык кат жиберилди.

Ошондой эле, жогорку медициналык билими жок кызмат көрсөткөн 14 кызматкерге “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 70000 сом өлчөмүндө айып пул салынды”, — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар санитардык-гигиеналык ченемдерин сактоо боюнча кемчилдиктери айтылып, талапка ылайык калыбына келтирүү иштерин жасамайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди. Рейддик иш-чаралары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош салон

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>