Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 2 млн сомдук товарды кармашты

Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 2 млн сомдук товарды кармашты

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы наркы 2 млн сомго чукул аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен шаарында “А.С.Ш.”, аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “ХОВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотуп текшеришкен. Анын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 152 даана, 300, 500, 1000 жана 2000 литр көлөмдөгү желим идиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1 млн 1000 сомду түзөт.

Ошондой эле, Баткен шаарында “А.Р.А” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-Спринтор” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Кыргызстанга чектеш мамлекеттен аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жалпы 2 миң 960 литр “Ravenol 10w-40” маркасындагы мотор майлары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 888 миң сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>