Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалып, 305 телефон алынды — видео

Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалып, 305 телефон алынды — видео

Бишкек шаарында чөнтөк уурулук менен алектенгендер жана уурдалган телефондорду сатып алып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 27-октбярда Биринчи май райондук милициясына Б.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар кичи автобуста бара жатканда, Чүй менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде карындашынын iPhone XR телефонун уурдап алганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы А.С., 30 жаштагы Б.Н. жана 40 жаштагы Г.С. аттуу жарандар кармалган. Райондук соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кылмыш иштин алкагында Бишкектеги соода борборлорунун биринде тинтүү жүргүзүлүп, төрт ноутбук, алты планшет жана 305 телефон табылып алынган.

Уурдалган телефондорду сатып алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу) жана 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, табылып алынган телефондордун арасында уурдалган телефондор аныкталып, анын ээлери милицияга арыз менен кайрылууда.

Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>