Президент пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койдуЖээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысынын жардамчысы менен виза, санкция маселелерин талкууладыКореяда иштөөнү каалагандар үчүн корей тили боюнча кошумча тест өткөрүлөтКРдагы КММ боюнча кырдаал: 10-августка карата бензиндин жана дизелдин учурдагы бааларыКараколдо заманбап спорт шаарчасы курулуудаКадимки жараат эмне үчүн өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн экенин дарыгерлер айтып беришти
Бишкек: Ак-Жар конушунан 49 жаштагы киши көчөдөн тонолду
18.04.2022 | 15:35
14-апрелде Аламүдүн райондук милицияга 1973-жылы туулган Д.А., арыз менен кайрылган. Ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвертка менен коркутууга алып жанындагы 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Д.А., жана 1984-жылы туулган О.Ж. бул кылмышты жасаган деген шек менен кармалышкан.
Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар