КРдагы КММ боюнча кырдаал: 10-августка карата бензиндин жана дизелдин учурдагы бааларыКараколдо заманбап спорт шаарчасы курулуудаКадимки жараат эмне үчүн өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн экенин дарыгерлер айтып бериштиБир жумада өлкөдө 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталганТоо, көл жана ноутбук: Ысык-Көлдө иштеп да, эс алып да келүүгө да ыңгайлуу 6 жерРеконструкциядан кийин «Каракол» аэропорту алгачкы ирет Airbus A320 учагын кабыл алды
Мадумаров депутаттарга: “Мен силердин сыйыңарга муктаж эмесмин!”
18.04.2022 | 15:53
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров менен Нурлан Шакиев кайым-айтышуусунан кийин Шакиевди колдоп чыккан депутаттарга кайрылды.
“Мен бир да депутаттын атын атаган жокмун. Жогорку Кеңештин позициясын айтып атам. Шымыңарды чечип башыңарга кийип алгыла дегенди өзүңөргө алып албагыла дагы, балким, алардын бир тууганысыңар, мен өкмөт тарапты айттым. Эгерде өкмөткө айткан сөзгө тызылдап кетсеңер, ордуңарды алмаштыргыла дагы трибунага чыккыла! Мага асылбай көпчүлүксүңөр билгениңердей добуш берип өткөрө беригиле… Мен силердин сыйыңарга муктаж эмесмин!”-деди.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча Бүткүл дүйнолүк банктан карызга акча алуу маселесин карап жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат