Египетте акуланын кол салуусунан орусиялык жаран каза болду (видео)

Египетте акуланын кол салуусунан орусиялык жаран каза болду (видео)

Египетте акуланын кол салуусунан улам каза болгон адам Орусиянын жараны экенин аталган өлкөнүн Египеттеги башкы консулдугу Telegram каналында билдиргенин, РИА Новости маалымдады.

«Орусиянын Хургададагы Башкы консулдугу каза болгон адамдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат маалыматта.

Окуя 8-июнда болгон. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен РИА Новостиге билдиришкендей, маркум 1999-жылы туулган Орусиянын жараны болгон. Ал Хургадада убактылуу жашап жаткан.

Окуядан кийин Кызыл деңиз провинциясынын бийлиги Хургаданын бардык пляждарын жабууга буйрук берген.

Хургададагы орусиялык жарандарды суудагы коопсуздук эрежелерин сактоого жана мейманкана менен жээк коопсуздук кызматкерлеринин талаптарын аткарууга чакырышты.

Кийинчерээк кишиге кол салган акуланы жергиликтүүлөр кармашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ДҮЙНӨДӨН

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>