Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкекте дүкөндүн айнегин талкалап, уурулукка кирген адам кармалды
26.12.2023 | 17:12
Бишкекте дүкөндүн айнегин талкалап, уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-декабрга караган түнү Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган мейманканадан “айгай” белгиси берилип, жерине кармоо тобу барган.
Кармоо тобу барганда, алар кылмышкер мейманкананын дүкөнүнүн айнегин сындырып, уурулукка киргенин көргөн. Ууру дүкөндөн чыгууга аракет кылып жатканда колго түшүрүлгөн. Шектүү 34 жаштагы жаран болгон.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.