Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Салык кызматы “Дордойдон” салык кантип 10 миллионго көп топтолгонун айтты
26.12.2023 | 17:40
Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” базарында иштеген салыкчыларды чыгарып кеткенден кийин жыйымдар 10 миллион сомго көбөйдү. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов Жогорку Кеңештин укук-тартип комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал 2 жыл мурда соода жайында иштеген 28 салыкчыны башка тармакка которгон.
“Биз айына 25 миллион сом топточубуз. Мен патент топтогон кызматкерлер кереги жок деп эсептеп 28 салыкчыны ал жактан алдым. Кийинки эле айда “Дордойдон” салык 10 миллион сомго көбөйдү”, – дейт ал.
Алтынбек Абдувапов УКМК тарабынан кармалган салыкчылар 2022-жылга чейин “Дордойдо” иштегенин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз