Уурдалып барып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын иши боюнча Ичики иштер министри Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылып бүгүн, 15-апрелде митингге чыккандарды башка топ келип кууп жиберишти.
Экинчи топ митингге чыкканда Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү экенин айтышып, кубалашууда.
“Бейөкмөт уюмдар келбегиле, силер элдин душмандарысыңар, бузукулар кетсин”, — деп кыйкырууда.
Учурда Айзада Канатбекованын өлүмүнөн улам митингге чыккандар каршылаштарынын агрессивдүү кадамдарынан улам кетүүгө аргасыз болушту.