Казакстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды: беш партия Курултайга өттүКыргызстанда камсыздандыруу компаниялары жарым жылда 5,6 млрд сом чогултуп, 1 млрд сомдон ашык төлөп бериштиАлтын баасынын өйдө-төмөнү. Жыл башынан бери алтындын баасы кандай өзгөрдүАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин беш балага алимент төлөбөгөн атага кылмыш иши козголдуКР Министрлер кабинети ГСМдин азыркы бааларын адилетсиз деп эсептейт — Данияр АмангелдиевДүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Тайган жарыш» күмүш монетасы жүгүртүүгө чыкты
Бишкекте кыз киши эки iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген
12.09.2023 | 14:16
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-сентябрда милицияга А.Б. аттуу кыз киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 31-августта Чүй проспектисиндеги соода борборлордун биринде А. аттуу чала тааныш жигит iPhone 13 Pro Max жана iPhone 12 Pro телефондорун агасына көрсөтүп келем деп алып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучуга 205 миң сомдук зыян келтирилген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы О.А. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом