Бишкекте мас болуп, асманга ок аткан жаран үй камагына чыкты

Бишкекте мас болуп, асманга ок аткан жаран үй камагына чыкты

Бишкекте түнкү клубдардын биринин алдында тапанча көтөрүп, асманга ок атканы үчүн кармалган 34 жаштагы жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнүн баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, ал эки айга үй камагына алынган.

Эскерте кетсек, окуя 14-майга караган түнү Асанбай кичирайонунда болгон. Травматикалык тапанча көтөргөн мас адам түнкү клубдун кире беришинде асманга ок чыгарган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 34 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Белгилүү болгондой, ал буга чейин Экономика министрлигинде иштеген. 10-майда иштен кеткен.

Бишкекте тапанча көтөргөн мас адам асманга ок чыгарды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>