ШКУнун өкмөт башчылары COVID-19дан кийин биринчи жолу офлайн жолугушту

ШКУнун өкмөт башчылары COVID-19дан кийин биринчи жолу офлайн жолугушту

Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Ага Беларусиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Монголиянын,   оссиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Индиянын, Пакистандын өкмөт жетекчилери катышууда.

Акылбек Жапаров уюмдун өкмөт башчыларынын кеңеши акыркы үч жылдан бери биринчи жолу офлайн форматта өтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында,  Кыргызстандын тышкы соодасынын 79 пайызы ШКУ мамлекеттери менен жүргүзүлөт.

Жыйынды чет өлкөлүк жана жергиликтүү 400дөн ашык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырууда.

Жыйынга байланыштуу Бишкек жана Чүйдө окуу жайлардын баардыгы онлайнга которулуп, ордо калаада троллейбустардын иши токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>