Дыйкандар үчүн жер салыгы көбөйтүлөт. Мыйзам долбоору

Дыйкандар үчүн жер салыгы көбөйтүлөт. Мыйзам долбоору

Жогорку Кеңеште дыйкандар үчүн айыл чарба жери үчүн жер салыгын көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ал депутат Жеңишбек Токторбаев тарабынан иштелип чыккан.

Документте айтылгандай, бирдиктүү айыл чарба салыгынын ставкаларын аныктоодо негизги элементтер катарында буудайдын базар баасы жана топурактын сапаттык (бонитет) баллдары эсептелет.

«Алсак, 1998-жылы топуракты изилдөө боюнча тиешелүү бонитет баллдарына карата жана буудайдын базар баасы центнерине 400 сом болгондо, 1 гектар жерге жер салыгынын ставкасы (мисалы) Сокулук районунда сугат айдоо жерлерине 407 сом, кайрак жерге — 67,2 сом, Баткен району боюнча сугат айдоо жерлерине 268 сом, кайрак жерге — 41,3 сом, Сузак районунда сугат айдоо жерлерине — 414 сом, кайрак жерге — 41,3 сом болгон.

Учурда буудай данынын базар баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен центнерине 3-3,1 миң сомду түзөт», — деп айтылат документте.

Мыйзам долбооруна ылайык, буудайдын быйылкы орточо рыноктук баасын (1 кг үчүн 30,47 сом) эске алуу менен Сокулук районундагы сугат жердин 1 гектары үчүн жер салыгы 407 сомдон 3 миң 230 сомго чейин көтөрүлөт.

Мыйзам кабыл алынып калса, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоору боюнча сунушталган айыл чарба жерлери үчүн салыктын чени төмөнкү шилтемеде

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Депутаттын мал-жандыкка салык киргизүү сунушу коомдук талкууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>